|
Сөзү : М.Атаналиевдики
Обону : М.Атаналиевдики
Адырлардан аппак гүлдү көрөм,
Аппагына кызыгып аны терем.
Аппак көйнөк кийинген эй сулуу кыз,
Колумдагы аппак гүл сизге берем.
Эй сулуу кыз эй, кетпей туруңуз
Колумдагы аппак гүл сизге берем.
Эй, сулуу кыз эй токтой туруңуз,
Колумдагы аппак гүл сизге берем.
Кыркырлардан кызыл гүлдү көрөм,
Кызылына кызыгып аны терем.
Кызыл көйнөк кийинген эй сулуу кыз.
Колумдагы кызыл гүл сизге берем.
Эй сулуу кыз эй, кетпей туруңуз
Колумдагы кызыл гүл сизге берем.
Эй, сулуу кыз эй токтой туруңуз,
Колумдагы кызыл гүл сизге берем
Суу боюнда сырлуу гүлдү көрөм,
Сулуусуна кызыгып аны терем.
Сулуу көйнөк кийинген эй сулуу кыз,
Колумдагы сырлуу гүл сизге берем.
Эй сулуу кыз эй, кетпей туруңуз
Колумдагы сырлуу гүл сизге берем.
Эй, сулуу кыз эй токтой туруңуз,
Колумдагы сырлуу гүл сизге берем
Сөзү : М.Атаналиевдики
Обону : М.Атаналиевдики
М.Атаналиевдики
Илебиң жаздын келип нур жүзүңдөн,
Керемет үн угулат күлүшүңдөн.
Ак куудай мойнуң созсоң элестетем,
Периште - жомоктогу күлүңдөгөн.
Кайырма:
Эй жаш сулуу, ичте сырың катылуу,
Эй жаш сулуу, ак тилектен кааларым,
Эй жаш сулуу, болсоң экен, экен бактылуу.
Суу алып эшигимден өткөн кезде,
Тойбогон көздөр менен карай берем.
Өзүмдөй бир жигитке туш болсо деп,
Чын дилден жаш сулууга самай берем.
Сөзү : Какен Алмазбековдуку
Обону : Дүйшөнбек Үкүевдики
Бүт сулуунун сулуулугун тергендей,
Бириктирип бир өзүңө бергендей.
Оо, кара көз, ойдогумдай бир жансың,
Өмүрүмдүн жыргалына келгендей.
Көңүлдөгү көп элести карасам,
Сага теңдеш такыр таппай адашам.
Ошол сулуу , ошол сонун, дегенсип,
Жүрөктөгү сени өлчөгөн таразам.
Деги сага ким тарбия берди экен,
Кандай бүлө эркелетип келди экен.
Анда сага алагдымын өзүмчө,
Күндө сага бир жолугуп келбесем.
Сен чынында ай эмес, же күн эмес,
Таңкы чолпон жылдыз эмес, гүл эмес.
Бирок сени ойлой калган учурда, ий,
Айга, күнгө окшой түшөт бир элес.
Сөзү : Мухтар Атаналиевдики
Обону : Мухтар Атаналиевдики
Достум эсиңде барбы,
Ызы-чуу түшкөн мектептин алды .
Бас десе баспай, жаз десе жазбай,
Тажаткан күндөр эже-агайды.
Кайырма:
Мен биринчи атаман, сен экинчиде,
Бирде сени келтектеп, бирде келтек жеп ээй.
Канча жолу мушташтык биз кыз талашып,
Аттиң ошол күндөр калды кайда адашып?.
Достум бүгүн мен, сен да ,
Өзгөрдү баары, өзгөрдү эл да.
Балалык кезим сенин да менин,
Сагынтан бизди туулган жер да.
Кайырма:
Эх, досум эстей жүр дайым,
Биз ойноп,өскөн мектептин багын.
Тааныткан тамга сага да, мага,
Унутпа дайым эже – агайды.
Кайырма:
Сени мага жолуктурду жылдыздуу асман,
Жүрөгүмдө толуп турду махабат дастан.
Экөөбүздү бөлүп турду бул дүйнө жалган,
Кандай жансың көз отумду байкабай калган?
Кайырма:
Сырга айланган, ырга айланган,
Жан, жан, жан,
Жолуктуң кайдан?
Акылдан алдың, азапка салдың.
Жан, жан, жан,
Жолуктуң кайдан,
Акылдан алдың, азапка салдың.
Сага деген армандарым айтылбай калды,
Сени дегдеп көңүл черим жазылбай калды.
Сезимдерди чокко салдың, бейтааныш жигит,
Сарсанаадан калган күнүм арылбай калды.
Кайырма:
Сөзү : Оңолбек Соорбаевдики
Обону : Жаныш Кочкоровдуку
Көз көргүс, кулак уккус алыс экен жүргөн жерим,
Жылуулук, шаттык берет сенин демиң.
Кайгы-муңду тартпаган өмүр бою,
Кайгысыз жашай бергин, ак калпак кыргыз элим!
Кайда жүрсөм шаттантат сенин демиң,
Дем алсам дем берет токой-чериң.
Адырың кызыл-тазыл гүлгө оролгон,
Ак чокулуу тоо жайлаган кыргыз элим!
Токойлуу, ак чокулуу менин жерим,
Кош колдоп кымыз сунат кыргыз элим.
Өмүр бою меймандос жаралгансың,
Өркүндөп, өсө бергин, ак калпак кыргыз элим!
Кылым бою жашай бергин, кыргыз элим!
Сөзү : Омор Султановдуку
Обону : Канымгүл Досмамбетованыкы
Аралап шаар ичин басып жүргөн,
Андагы ак буурул түн эсиңдеби?
Ойгонуп уйкусунан жымыңдашкан,
Оттору Фрунзенин кечиндеги.
Убакыт суудай акты, унутпадым,
Ачылган аппак гүлдөй күлгөнүңдү.
Ал түндү айта бердим жетине албай,
Калтырбай бул дүйнөгө билгенимди.
Эстеймин элесиңди көзүмдү талбай,
Азыр мен амалым жок алыс жакта...
Түшүмдө күндө сени жолуктурам,
Ырахмат миң мертебе махабатка.
Сөзү : И. Жунусовдуку
Обону : И. Жунусовдуку
Жылдыз болуп күнүгө,
Жарык чачат үйүмө.
Сен бар үчүн дүйнөдө,
Үйүм толо күлкүгө.
Кайырма:
Балам, балам, жан балам,
Ананайын садагам.
Элим аман болсун деп,
Атыңды койдум Эламан.
Аман, аман, Эламан,
Гүл белемсиң, садагам?
Жыттап, жыттап тойбоймун,
Ананайын жытыңдан.
Балдан ширин сөздөрүң,
Бүлбүл жанган көздөрүң.
Шириним, ай, шириним,
Узун болсун өмүрүң.
Кайырма:
Ата-энеңдин бактына,
Эр жетилгин, садага.
Талыбастан канатың,
Пайдаң тийсин журтуңа.
Кайырма:
|