|
Өрүк-өрүк дегенде, өрүк-өрүк,
Өрттөнөмүн, күйөмүн сени көрүп.
Өрттөнсөм да, күйсөм да сени көрүп,
Отурасың терезеңде чачың өрүп.
Алма кайык дегенде, алма кайык
Айылыңарда кыз барбы мага ылайык?
Айылыңарда кыз болсо мага ылайык,
Күйөө бала болоюн бажырайып.
Кууш арыкты аттаган койдун изи,
Кой жетелеп берем дейт байдын кызы.
Кой жетелеп берсе да, байлап берин,
Аркасынан бир короо кой айдап берсин.
Атаң эккен өрүк бакта мен жүрөмүн,
Бышкан, бышкан өрүктөрүн жеп жүрөмүн.
Бышкан, бышкан өрүктөрүн мен жеп жүрүп,
Карааныңды бир көрөйүн деп жүрөмүн.
Акаң келди дегенде, акаң келди,
Короздордун ичинде дакан келди.
Мөлтүр кара көздөрүңдү сагынып,
Беттериңден өпкөнү акаң келди.
Ака деген оозуңдан ананайын,
Узун, кара чачтарыңа байланайын.
Суктанамын кара көзүңө, ак жүзүңө мен,
Ак куу сымал келбетиңен ананайын.
Кечээ көрдүм көчөдөн сүйгөнүң менен,
Сен бараттың сыр бербей, мени көзгө илбей,
Эмне үчүн кыйнадың жүрөгүмдү?
Сен билбедиң мен сени сүйөрүмдү.
Кайырма:
Сүйүү, сүйүү, менде бар сүйүү,
Жүрөгүмдү жаралаган.
Сүйүү, сүйүү, менде бар сүйүү,
Жүрөгүмдү жаралаган.
Кечинде шаар паркында сүйгүнүң менен,
Сен олтурдуң сыр чечишип, мени көзгө илбей.
Эмне үчүн кыйнадың жүрөгүмдү?
Сен билбедин мен сени сүйөрүмдү.
Кайырма:
Кечээ көрдүм көчөдөн наристең менен,
Айдай сулуу жүзүңдү карылык жеген.
Эмне үчүн кыйнадың жүрөгүмдү?
Сен билбедиң мен сени сүйөрүмдү.
Кайырма:
Сөзү : Ж.Бузурманкуловдуку
Обону : Ж.Тагаевдики
Мен көлгө жалгыз келип, байыр алдым,
Тургуздум махабаттын пайдубалын.
Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым.
Кумдан көп биздин күндөр, өткөн-өткөн,
Келээрмин аман болсом да бир көксөө.
Азыр мен жалгыз учкан, ак куу болуп,
Баратам бакыт издеп Памир көздөй.
Сен эзсен кусалыкка сезимимди,
Жаздагы салкын желден, кабар улай.
Мен жокто сылай жүр деп саамайыңан,
Тапшырдым Ысык-Көлдүн шамалына.
Жээгине жалгыз келип байыр алдым,
Тургуздум махабаттын пайдубалын.
Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым.
Сөзү : Т. Кожомбердиевдики
Обону : Ж. Кайыповдуку
Жүрөсүңөр жашап-иштеп алыста,
Чолоо тийбейт ай өткөрбөй барышка.
Ак эмгекти актайын деп уулуңар,
Билим үчүн түшкөн узак жарышка.
Ойлоорсуңар санаа тартып, камыгып,
Садагалап, караанымдан кагылып.
Силер мени самагандай жол карап,
Мен да жүрөм өзүңөрдү сагынып.
Силер анда, мен күнчөлүк алысмын,
Заманамдан калбай келет жарышкым.
Алпештеген, энем менен атакем,
Экөөңөргө өмүр бою карызмын.
Азабын тартып сүйүүнүн,
Торгою болдум талаанын.
Өмүргө-өмүр улаган,
Даарысы сенсиң жаранын.
Турумштун билбей жагдайын,
Күнөөлөп мени ар дайым.
Күттүрүп коюп жүрөсүң,
Сүйүүн берип сазайын.
Караанда туруп чок болуп,
Жүрөктүн дартын ырбаттың.
Көрүнүп туруп жылт коюп,
Сүйүүн кулун ыйлаттың.
|