|
Асманды тиреп, булутту жиреп,
Ак –мөңгү баскан Ала –Тоом тирек.
Сууларың тунук, суусасаң суунун,
Алыскан кеткен атагың улук.
Кайырма:
Кыргызстан, Кыргызстан,
Чаңкасам ичем, бал кымызыңдан.
Чертилсе комуз керемет добуш,
Чер жазып угам, буулата конуш.
Чырагың жанып жылдызың жанат,
Чыңгыздай уулуң чыныгы талант.
Келечек жолун арыштап кенен,
Кылымга изиң кыргызым сала.
Кайырма:
Менин мекеним сен кыргызстан!
Сен мага кимсиң, кимсиң сен, сүйгөнүмсүң,
Жалынып, жалбарып күйгөнүмсүң.
Мен сага киммин жашоодо жолуккан,
Жаныңдын жарымы болгон, жарыңмын ак жоолукчан.
Сен мага кимсиң, айымсын кулпурган,
Булаксың атып чыккан, ургуштаган.
Мен сага киммин, жаныңа түйөрүңмүн,
Чаңкасаң бал кымызың, жан бирге түгөйүңмүн.
Сен мага кимсиң, бүтпөгөн ырларымсың,
Айтылбай сактап жүргөн сырларымсың.
Мен сага киммин, булбулуң таңшып турган,
Күнгө окшоп жан дүйнөңдө күн-түнү жанып турган.
Сөзү : Сагынбек Момбековдуку
Обону : Сагынбек Момбековдуку
Кетерде көңүл жазылбай кеткен,
Көрүнөт жүздөн капалык чеккен.
Койчу эми, жаным, жылмайып койчу,
Жүрөктөн букту чыгарып эстен.
Кайырма:
Тамаша айтсам күлөсүңбү?
Же таарынып мага жүрөсүңбү?
Таарынба мага, жылмайып кара,
Өзгөртчү эми мүнөзүңдү.
Сагындым өткөн күндөрдү эстеп,
Жыттагым келет жытыңды искеп.
Койчу эми, жаным, жылмайып койчу,
Жүрөктөн букту чыгарып эстен.
Кайырма:
Сырыңды айтчы, сыздады жүрөк,
Жылдыздай жүзүң канткенде күлөт?
Баятан бери мен арга таппайм,
Табышмак сымал көңүлгө түнөп.
Кайырма:
Сөзү : Ислам Сатаровдуку
Обону : Жаныш Момуновдуку
Обону : Н.Сулаймановдуку
Мага кымбат өмүр берген,
Келечегим, бактым деген.
Мээнетиң зор алпештеген,
Кичинемден, бала кезден.
Кечип түнкү бал уйкуңдан,
Мен оорусам, кошо ооруган.
Апакеме эркелесем,
Мен кубансам нур төгүлгөн ажарыңдан.
Менин апам - асыл адам,
Мээримиңе күндүр-түндүр сугарылгам.
Бүт өмүрүн эмгек менен талыкпастан,
Кооздук берген эл- жериңди
Сүйгүн деген ар бир сөзүң,
Ыйык экен, мекен эл деп күйүп-жанган,
Элдин кызы - менин апам.
Оюң тунук мөлтүрөгөн,тоо суусунан, Өзүң менен сыймыктанам.
Менин апам - асыл адам,
Тарбияңа күндүр-түндүр сугарылгам.
Бала өстүрүп эркелеткен энекемин,
Мээрим төккөн, сүрүп чакан бекеринен салыштырбайт.
Тынчтык менен бар тилегиң сен каалаган,
Адамзатка ачык асман,
Жер жүзүндө бардык апа.
Менин да апам тынчтык сүйгөн улуу адам.
Асыл адам, улуу адам,
Бул ырымды сага арнаймын,
Жаным апам.
Сагынамын, мен сени сагынамын,
Сагынганда айылыңа жүз барамын.
Ойлойсуңбу, сен мени ойлойсуңбу,
Ойлогондо кусадар болбойсуңбу?
Кызгалдагым, мен сени кызганамын,
Кызганганда жаңгактай чагыламын.
Жүрөсүң сен, ал менен, бул менен, мен менен да,
Махабаттын ак шеркин бузуп, жаным.
Чакырыпсың тоюңа бара албаймын,
Барсам дагы мен сендик боло албаймын.
Каалоо айтып, мен сени кубантайын,
Тилек айтып, мен сени ыйлатпаймын.
Обону : Э.Мааданбековдуку
Көлөкөлөп көңүл ачарым,
Берекем деп жарпым жазарым.
Бал татыган балдыр тили бар,
Балам бактым, балам базарым.
Алдей ай, бөпөм ай,
Балам бактым, балам базарым.
Көңүл төтө кылган медерим,
Көзүмдөгү эки карегим.
Канттан таттуу, гүлдөн жыты артык,
Кандан чыккан асыл данегим.
Алдей ай, бөпөм ай,
Кагылайын орун басарым.
Самаганда жетер кулачым,
Сагынганда жыттаар кубатым.
Башкаларга эч бир алмашпас,
Бар байлыгым, мүлкүм, мурасым.
Алдей ай, бөпөм ай,
Бар байлыгым, мүлкүм, мурасым.
Сөзү : Калдаяковдуку
Обону : М.Шахановдуку
Эселек кыз элең бир кезде,
Чачыңа ак бантик байлагам.
Бой жетип кетипсиң бул кезде,
Көркүңө көз таштап таңданам.
Кайырма:
Нурлуу жүзүң кандай жаркын,
Арманысың кандай жандын.
Чынарым, ай,
Мөлтүрөйсүң эркем, тоо булагындай.
Жол жатат созулуп алдыңда,
Азгырар ардайым шок күнүң.
Бой жетип татына кыз болдуң,
Чачыңда ак бантитн жок бүгүн.
Кайырма:
Мезгилге кол сундуң жан курбум,
Мезгилге эрксизден алдырдың.
Жаштыкты, балалык чагыңды,
Айтчы сен кайсы жерде калтырдың?.
Кайырма:
Мен кыргызмын кылыч мизде ойногон,
Кылымдардын улуу жигин бойлогон.
Өмүр өчүп, кайра тирчилик башлат,
Өттү далай кыйын кезең ондогон.
Мен Кыргызмын.!
Кайырма:
Комузун чертип сайраткан,
Жоргосун токуп камдаткан.
Кыздары да кымыз сунушу,
Беш бармагын, даамын жайнаткан.
Ээ,эй, мен кыргызмын.
Мен кыргызмын барган тоосу калбаган,
Азаттык деп, азап туусун кармаган.
Кызсайкалдар кыргын жолун торосо,
Айчүрөктөр гүл азыгын камдаган.
Мен кыргызмын!
Беттегени оюн бербеген,
Береке да куту эл менен.
Кыздары да назик чырайлуу,
Пейили да кенен көл белең
Ээ,эй мен кыргызмын.
Мен кыргызмын тулпар минип ойногон,
Мекен сүйүп, мейкин камын ойлогон.
Кереметтүү кең пейилдүү элимдин,
Келечегин ойлоп күндө толгоном.
Мен кыргызмын.
Бапырап түрлүү мал болсун,
Байлыгынүңа ашык бар болсуң.
Кыйырың өссүн кыргызым,ай,
Кудайым сага жар болсун.
Ээ,эй, мен кыргызмын.
Мен кыргызмын дүйнө эли тааныгын,
Медер туткан мекеним бар таанымал.
Кан Манастын урпактары бар болсун,
Кагылайын калың кыргыз калкыман.
Мен кыргызмын.
Кайырма:
Обону : А.Бедияровдуку
Мындай таалай ээлебегем Теңирден,
Мындай күндү күтпөгөнмүн же бир мен.
Эсим эки болуп турат, эркетай, эркетай,
Эриниңдин даамы кетпей эринден.
Арга жоктур буйругуна Кудайдын,
Аттиң, эрте көрбөгөнүм - бул айыбым.
Жакшы жатып, жакшы түш көр десем да,
Кош дегенге кантип гана чыдаймын?
Үн алышып бир жүрөккө бир жүрөк.
Үнсүз, сөзсүз көшүлөсүң үргүлөп.
Арта калсаң ак жумуру билегиң,
Ак алкымың үлбүрөктөн үлбүрөк.
Обону : Т.Казаковдуку
Сүйүүбүздүн бүтүп баяны,
Кездешүүнүн келип аягы,
Эзилишкен эски мүнөттөр,
Эске келет эми баягы.
Кайырма:
Көкүрөктү ээлеп алып тунжуроо,
Өттү мезгил билбейм канчалык.
Жүрөктөрдү эзип бүттү бир суроо,
Биз сүйүүдөн кантип чарчадык.
Мөлтүр суудай тунук шарпылдап,
Өткөн күндөр таза жаркырап.
Чолпон сындуу күйүп маңдайда,
Бет алдыга улам- улам тартылат.
Сүйүүбүздүн бүтүп баяны,
Кездешүүнүн келип аягы.
Текке кетти сүйүү сөздөрү,
А биз болсо дале-дале баягы.
Ак куудай болуп көлдөгү,
Ак марал болуп төрдөгү,
Каныкей, Сайкал апанын,
Калкында калган өрнөгү.
Гүл болуп дайым жайнаган,
Күчүнө көптү байлаган,
Айчүрөк, Мактым эненин,
Акылы ташып кайнаган.
Кайырма:
Уккула кыргыз кыздары,
Карасаң канган кумардан,
Калкынын даңкын чыгарган,
Сымбаттуу кыргыз кызы көп,
Сыймыкты алгын булардан.
Жаштыктын күчү талаабы,
Жарк этип күйүп-жанабы,
Аксаткын, айдай Кишимжан,
Айтыбай элде калабы.
Ааламга тете кеңдиги,
Алайдан болгон жердиги,
Апабыз датка Курманжан
Айтылып бүткүс эрдиги.
Кайырма:
Ачылбай ички сырларын,
Аңтарып жүрөк нурларын.
Алымкан, Үкөй, Акбакай,
Акындын уккан ырларын.
Арзыбай адам жүрөгү,
Армансыз өмүр сүрөбү,
Бүбүсара, Таттыбүбүлөр
Бул күндүн болчу чүрөгү.
Кайырма:
Сөзү : И.Исаковдуку
Обону : Ж.Сыдыковдуку
Карагаттай көзүңдөн, ай, Жамиля,
Балдай ширин сөзүңдөн, Жамиля.
Күндө сага келемин, ай, Жамиля,
Сен карабай өтөсүң, ай, Жамиля.
Кайырма:
Жамиля, Жамиля,
Жамиля, Жамиля.
Жамиля, Жамиля,
Жамиля, Жамиля.
Мен жүрөмүн көчөдө, ай, Жамиля,
Сенин ширин көздөрүң, ай, Жамиля.
Бак аралап басалы, ай, Жамиля,
Балдай ширин сөзүңдөн, Жамиля.
Кайырма:
Жамиля, Жамиля,
Жамиля, Жамиля.
Жамиля, Жамиля,
Жамиля, Жамиля.
Карагаттай көзүңдөн, ай, Жамиля,
Балдай ширин сөзүңдөн, Жамиля.
Күндө сага келемин, ай, Жамиля,
Сен карабай өтөсүң, ай, Жамиля.
Кайырма:
Сөзү : К.Калыковдуку
Обону : К.Калыковдуку
Сөзү : Г.Абдылдаеваныкы
Обону : Б.Токтобаевдики
Мен сени ушунчалык сүйүп жүрдүм,
Назданып сүйүү ырын ырдап жүрдүм.
Кечигип көп көрүнбөй калганыңда,
Кусама чыдай албай ыйлап жүрдүм.
Адамдар бирөөгө кор, бирөөгө зар,
Деген сөз анык экен акылмандын.
Жолугуп мени сүйгөн бир адамга,
Сен деген жүрөк дартын алып салдым.
Сен эми мен жөнүндө ойлобогун,
Мен сенден ушунчалык алыстадым.
Мен дагы сен жөнүндө ойлобоймун,
Сен менден ушунчалык алыстадың.
Сөзү : К.Алмазбековдуку
Обону : Ж.Шералиевдики
Бар экен эсте баягы,
Бак чети айыл аягы.
Күн чыга ишке бараттык,
Күч алып шаттык баяны, баяны.
Жылдызы жанса маңдайда.
Жыргабай турган жан кайда.
Демейде бир топ узун жол,
Дегеле кыска мындайда.
Айталбай сырдын түгөлүн,
Ачышып кеетти жүрөгүм.
Кыйылып турдуң мени аяп,
Кылчактап аппак чүрөгүм.
Ишиңе калдың айрылып,
Кызмматка кеттим мен дагы,
Кыскарган жолго кайгырып.
Андан соң көрдүм күзүндө,
Албырып шаык жүзүңдө.
Шаа жетпей турган кез экен
Шак ийип бышкан жүзүмгө
Байкалбай көп эл жайнаган,
Башталды сырлар кайрадан,
Гүлдөткөн сүйүү бутагын,
Гүл турмуш сенден айланам.
|