|
Сөзү : Г.Рыспаеваныкы
Обону : Д.Акулованыкы
Томсортуп мени таштап кетип калдың,
Өзүңдөн мен алыстап, жалгыз калдым.
Эми биз жолукпайбыз,
Ак сүйүүм кайталангыс.
Өзүңдү элестетип, турамын сенсиз жалгыз.
Бир болбой, эки жүрөк эзилбеди,
Жанашып сүйүү сыры чечилбеди.
Жылдыздай көздөрүңдү,
Сагындым күлгөнүңдү,
Кайрадан көргүм келет, ардагым, бир өзүңдү.
Ойлонтуп сезимимди бийлеп алдың,
Жүрөктү ээлеп алып, ырга айландың.
Таарынчың жазылабы?
Ак сүйүүм кайрылабы?
Таңдагы жанып турган Чолпондой ачылабы?
Сени сагынам, сүрөтүңө, жаным, кадалам,
Көз алдымдан кетпейт элесиң,
Жаным, айтчы качан келесиң?
Жолуң караймын,
Жолдоруңдан көз үзө албаймын.
Садагасы, сагындым сени,
Жүрөктө кусалыктын деми.
Кайырма:
Сени, жаным, сагынамын куса болуп,
Жүрөгүмдө сагынычым ичке толуп.
Мейли, жаным, келбесең да күтө берем,
Сенсиз өткөн күндөр мага азап болуп.
Кусалыктын тузагынан куткар, жаным.
Сагынычтан жүрөктөгү өчпөйт жалын.
Келчи, жаным, куткар мени бул азаптан
Кыйналдым го сенсиз, жаным,
Кусалыктын азабынан.
Кайырма:
Сөзү : Кубик Калыковдуку
Обону : Кубик Калыковдуку
Сөзү : Кубик Калыковдуку
Обону : Кубик Калыковдуку
Сөзү : Кубик Калыковдуку
Обону : Кубик Калыковдуку
Сизге сыйым, сизге урматым,
Үмүтүм да сизде, кымбатым.
Жан адамга айтпас сырымды,
Сизге ыраа көрүп ырдадым.
Сизге арнап ырдадым.
Кайырма:
Сизге арнадым ушул түнүмдү,
Түнүм эмес, күндүз күнүмдү.
Тагдырымдын буйругу экен,
Сизге багыштадым сүйүүмдү.
Табыштадым сизге баарысын,
Сиз таптыңыз жүрөк дарысын.
Сизге буйруп менин бактымды,
Сөздөрүмдүн кызыр дарысын.
Кайырма:
Ачуу белең, жашоо чындыгы?
Сабырымды сезим кыйдыбы?
Экиленбей эркимди бердим,
Ашыктыгым мажбур кылдыбы?
Кайырма:
Сөзү : Кубик Калыковдуку
Обону : Кубик Калыковдуку
Сагынып дайым сени издеп келем,
Таң чолпонум, бет алдымдан чыга келсең.
Тоо койнунан издеп жүрүп терип келген,
Гүлдестени белек кылып өзүңө берсем.
Элесиң эске түшсө ошол замат,
Жүрөгүмө махабаттын нуру тамат.
Көк мейкинде нурун чачкан Чолпон жылдыз,
Көз карашың түбөлүккө эсимде калат.
Ардагым, алыстадың менден эми,
Саамайыңдан сылай берсин таңдын жели.
Элим үчүн талыкпастан эмгектенип,
Ар убакта үмүт үзбөй күтөмүн сени.
Сөзү : Кубик Калыковдуку
Обону : Кубик Калыковдуку
Сөзү : Кубик Калыковдуку
Обону : Кубик Калыковдуку
Сөзү : А.Өмүркановдуку
Обону : Р.Бейшеналиеваныкы
Кайткан куштун канатынын издерин,
Ак булуттун арасынан издедим.
Тапкан жокмун, тапкан жокмун, эридиби дегенсип,
Мен элейип суу тереңин тиктедим.
Кайырма:
Көрүнбөгөн, табылбаган немени,
Тажабастан издей берем мен эми.
Адамдарга ааламда жок күч берет,
Акыр бир күн аны табам дегеним.
Келген куштун, кереметтүү абанын,
Желпип соккон жер бетинен карадым.
Көрүнбөдү, көрүнбөдү көксөп учкан көңүлүм,
Куйкаланды кучагына санаанын.
Кайырма:
Көрүнбөгөн, табылбаган немени,
Тажабастан издей берем мен эми.
Адамдарга ааламда жок күч берет,
Акыр бир күн аны табам дегеним.
|