|
Сөзү : К.Калыковдуку
Обону : К.Калыковдуку
Сөзү : Эркин Тазабековдуку
Обону : Жолдубай Кайыповдуку
Көк асманда сүттөй ай,
Биздин сөздөр бүтпөй ай.
Сансыз жылдыз жагылат,
Жашообузду ары улап,
Жаштык ыры жаңырат.
Кайырма:
Э-эй, бизге заман жылмайды,
Суктандырып күндү, айды.
Күлкү чачып, кыз-жигит,
Кел, бийлейли, ырдайлы.
Күлгүн курак, гүл курак,
Күндө жаңы ыр курап.
Кайгы сезбей мүнөткө,
Күлкү толуп жүрөккө,
Шаттык менен күн өтсө.
Кайырма:
Ырлар, ырлар, ырлар ай,
Жашообуздун жыргалы ай.
Күлкү чачып эриндер,
Көкөлөсүн көңүлдөр,
Көркүн ачып өмүрлөр.
Сөзү : Б.Токторовдуку
Обону : Б.Токторовдуку
Каадалана карайсың,
Кадамыңды санайсың.
Биле албаймын ичим чок,
Сени эмнени каалайсың?,
Деги эмнени самайсың?.
Шыңгыр, шыңгыр угулат,
Кулагыма күлкүсү.
Төө-Ашуудан ашканда,
Тосуп чыгат Чүй кызы.
Эх, Чүй кызы, Чүй кызы,
Шыңгыр тунук күлкүсү.
От коесуң сезимге,
Кызганамын өзүмчө.
Багынтасың, бар беле,
Сыйкыр сенин көзүңдө.
Кайырма:
Жааса жамгыр жашка окшош,
Суу бойлосоң сууга окшош.
Келбетиңе мен кумар,
Көлдөгү ак-кууга окшош.
Кайырма:
Сөзү : Б.Токторовдуку
Обону : Б.Токторовдуку
Сөзү : Ж.Жапиевдики
Обону : Б.Тургунбаевдики
Дүйнөнү кездирип сени издедим,
Издегениңди мен дагы сездим.
Кайгынын кучагында калганымда,
Сен мени эңсесең, мен сени эңседим.
Кайырма:
Жаңылдым, жаздымбы?
Сынадым бактымды.
Сүйүнчү, туугандар,
Бүгүн сүйүүмдү таптымбы?
Жаңылдым, жаздымбы?
Таптымбы бактымды?
Чын эле, чын эле, жаным, мен сени таптымбы?
Канча ирет өрүк гүлү төгүлдү?
Махабат күүсү узартсын өмүрдү.
Жоогазын гүлдөй, жоодурап көздөрүң,
Бир гана сага айтам, сүйүү сөздөрүн.
Кайырма:
Дүйнөнү кездирип сени издедим,
Издегениңди мен дагы сездим.
Кайгынын кучагында калганымда,
Сен мени эңсесең, мен сени эңседим.
Кайырма:
Ак сүйүүсүн арнап себелээр,
Агалардын жары жеңелер.
Кызгантышкан агаларымды,
Жеңелерге кимдер теңелер.
Ээ,эй, жеңелер,
Оо, ой, жеңелер.
Кызгантышкан жагынан,
Жеңелерге кимдер теңелер.
Жүгүрүшүп кызмат кылышса,
Жүгүнүшүп сыйлап турушса.
Миң ыраазы болор ата –эне,
Улууларга урмат кылышса.
Ээ,эй, жеңелер,
Оо, ой, жеңелер.
Кызмат кылган жеңелерге,
Жеңелерге кимдер теңелер.
Бакыт болуп күндө себелеп,
Байлык болуп барга теңеле.
Ак жолугуң күнгө желбирет,
Бар болгула биздин жеңелер!
Ээ,эй, жеңелер,
Оо, ой, жеңелер.
Жарык чачкан жагынан,
Жеңелерге кимдер теңелер.
Келчи жаным, жаныма келчи,
Сүйүү жөнүндө ыр ырдап берчи
Жүрсөм деймин дайым жаныңда.
Жүрөгүмдөсүң жалгыз сен өзүң,
Кандай сонун сенин мүнөзүң,
Сен деп ырдайм бүт ырларымда.
Кайырма:
Асманда жанган жылдызым,
Кусалыкка салбагын мени,
Жанымда жанган жылдызым,
Ырларымда ырдаймын сени.
Сенде жатат менин сырларым,
Арзуум айткан, обон ырларым.
Айлуу түндү алмаштым таңга,
Бакытымда, байлыгым сенсиң.
Бал жашоомдун баардыгы сенсиң.
Назиктигиң жагымдуу жанга.
Кайырма:
Жайлоодо өткүн өтүп, ыбыр-дыбыр,
Жүрөгүм эмнегедир ымыр-чымыр.
Карачы, нота билип калганда не, ай,
Угулат музыкалуу бир сонун ыр.
Кайырма:
Аттиң, аттиң, аттиң, аттиң,
Музыкалык сабатым жок,
Кушка окшош уча турган канатым жок.
Жайлоодо булак үнүн угам жыргап,
Теребелде сүйкүм добуш, сүйкүм ыргак.
Кагазга нота билсем түшүрсөм не, ай,
Бул ырды жүрбөйт беле ар ким ырдап.
Кайырма:
Таңшыган кыл кыякта назик кылдай,
Боз чымчык сайрап жатат жаны тынбай.
Кагазга нота билсем, түшүрсөм не, ай,
Ордумда тыңшап туруп кадам жылбай.
Кайырма:
Аттиң, аттиң, аттиң, аттиң,
Музыкалык сабатым жок,
Кушка окшош уча турган канатым жок.
Сөзү : Бактияр Токторовдуку
Обону : Бактияр Токторовдуку
Күн өтсө кайта келбес, өмүр кызык,
Күлкүсү күйүт коштоп өтөт сызып.
Тагдырга таң каламын, таарынбаймын,
Таш боорлук кылып коёт кээде кысып.
Күн өтсө орду толбос, жашоо кызык.
Кайырма:
Минип алып өмүр кемесин,
Жашоо жээгин бойлоп келесиң.
Суктандырып түнкү жылдызды,
Сүйүү гүлүн мага бересиң.
Эстеймин эстен кеткис сезимдерди,
Жазып бүтпөйм санаасын сезимдеги.
"Күбө болсо сүйүүбүзгө алтын казык",-
Деп айткан ошол созүң эсиңдеби?
Эстеймин жаштык өткөн сезимдерди.
Кайырма:
Мен жүрөм жаштыгыма ырлар жазып,
Окусам болобу деп өмүр азып.
Табышпай, таарынышып кетсек дагы,
Тагдыр бул ашыктыкта эмне жазык?
Мен жүрөм бир өзүңө ырлар жазып.
Кайырма:
Кайырма:
Зар болбо, зар болбо, зар болбо
Сага мен кайрылып барбасам
Зар болбо, зар болбо, зар болбо
Жаныңда от болуп жанбасам.
Айдын жарык кечелердин жылдызы боломун,
Адыр аска тоолорумдун кундузу боломун.
Дартымды айтпасам, сырымды чачпасам
Санаамда кор боломун.
Жанымда жүрбөсөң, жаркытып күлбөсөң
Ышкымда кор боломун.
Кайырма:
Нечен, нечен ашыктардын туйгуну боломун,
Безеленип таңды жарган булбулу боломун.
Таттуу көңүлгө, наздуу сезимге ,
Булактай толомун.
Жарпымды жазбасаң, жанымда баспасаң
Башкага жар боломун.
Кайырма:
|