|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Биз келдик, жашамак бар, азбы, көппү,
Калтырбай көңүлдөрдү сактап келген.
Бул өмүр бир берилген таалай экен,
Алсак дейм аз жашоодон арбын өчтү.
Ичер суу түгөнөр күн качан келет?
Эртеби, кечпи, аны мезгил жеңет.
Жетели тирүүлүктүн кадырына,
Дүйнөгө болбоптур го эч ким түркүк.
Түбөлүк турбайт тура эч бир нерсе,
Не болмок мезгилдерди адам жеңсе?
Баарыңды кырк беш жашка жүз жыл бою,
Тургузуп коёр элем, аттиң, ай, колдон келсе.
Баарыңды элүү жашка жүз жыл бою,
Тургузуп коёр элем, арман, ай, колдон келсе.
Чиркин, ай, колдон келсе,
Аттиң, ай, колдон келсе.
Сөзү : Ашым Жакыпбековдуку
Обону : Мукан Рыскулбековдуку
Өзүңдү көп ичинен издеп жүрөм,
Өзүңө көңүлүмдү түздөп жүрөм.
Түшүмдө апкаарыбай сен деп сүйлөп,
Өңүмдө жолукканда сиз деп жүрөм.
Сыртыңдан көзүм түшүп суктанамын,
Сөз кылса кыздар сени кызганамын.
Айылыма келер бекен бастырып деп,
Азаптуу айлуу түндө уктабадым.
Сен менен колтукташып көл бойлосом,
Ак чабак, балык болуп көлдө ойносом.
Асылып чарчасаң да моюнуңа,
Кумарым канмайынча жөн койбосом.
Сөзү : Зайырбек Ажыматовдуку
Обону : Түмөнбай Колдошовдуку
Оо, турмуш мыйзамыңа каныктырдың
Жолумду жабык кылдык, жарык кылдың
Дардаңдап боз жар күттүм деген менен
Дагы эле жалгыз бойдон калыптырмын
Багыты жок жарты кайык
Баратам турмуш жүгүн артып алып.
Жашоону ким бар дейсиң түшүндүргөн
Жалгыздык жанга батып үшүп жүрөм
Жан дүйнөм жылуулукка муктаж болуп
Мээримди мен өзүңдөн күтүп жүрөм.
Багыты жок жарты кайык
Баратам турмуш жүгүн артып алып.
Аттиң ай көңүлдү эзет жан арманым
Ар дайым мээрим издеп карайладым
Күнүнө күмүш таптым, бирок аттиң,
Көксөгөн жылуулуку таба албадым.
Багыты жок жарты кайык
Баратам турмуш жүгүн артып алып.
Карытып пайдасы жок ай-жылдарды,
Калдактап кайран өмүр калбырланды.
Каалгыйт айланамда бопбоз туман,
Көк деңиз, жарты кайык алдымдагы.
Багыты жок жарты кайык,
Баратам турмуш жүгүн артып алып.
Сөзү : Т.Ражабалдиевдики
Обону : Э.Талиповдуку
Сөзү : М. Молдоалиева, Р. Нарынбаевдики
Обону : Р.Нарынбаев, А. Мадмаровдуку
Көкөмерен суусунан,
Суу аласың айдай суулу кыз.
Жүрөгүмдүн жанынан,
Орун алдың айдай суулу кыз.
Кайырма:
Суусамырдын суусу шар агат,
Көздөрун сенин мөлтүр карарат.
Бир сага мен катты бер албай,
Күндөрүм ай өтүп баратат.
Ашуу ашып айылыңа,
Бара албадым айдай суулу кыз.
Арзып жазган катымды мен,
Бере албадым айдай суулу кыз.
Кайырма:
Сенсиң менин торгоюм,
Суук көздөн коргоюн,
Качан болсо жаныңда
Калпым болсо оңбоюн
Сенсиң менин торгоюм
Гүлдөй болуп соолбоюн
Ысыгыңа жылытчы
Суугуңа тоңбоюн
Менин сулуу торгоюм
Күндө-түндө ойлоймун
Ишенип кой өзүмө
Калпым болсо оңбоюн
Менин ырчы торгоюм
Жолугууну болжоюн
Алтынчы күнү кадыр түн
Мен кабар күтөм болжоюн
Сен торгоюм сүйгөнүм
Арнап өмүр гүлдөрүн
Бир басалы гүл бакта
Тыңшап торгой үндөрүн
Ырахат го жаш кезек
Күлүп-ойноп жүргөнүң
Саймалайлы жылдыздай
Бул жашообуздун күндөрүн
Жалын болуп чаркылдап
Чагылгандай чаркылдап
Көл үстүндө ойногон,
Ак булуттай калкылдап
Канат күүлөп күү чалып
Ойноп-күлүп жаркылдап
Кадырлашып өтөлү,
Көңүлдө кир калтырба
Көңүл куруп күү чалып
Күлүп-бийлеп үн салып
Менин сүйгөн торгоюм,
Эмгек жолун бир чалып
Айыл ичин гүлдөтүп
Обон созуп ырдашып
Жаркылдаган жаштык кез
Кете электе кырды ашып
Өмүр суусун кечели
Жалгыз сырды чечели
Ак таң болуп нурданып
Аппак гүлдү терели
Ак нан болсо ыр болот
Сүйүп дайым жешели
Ден соолукта каткырып
Соо жүрөлү дешели.
Сөзү : Ж.Мамытовдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Издейм сени арасынан элдердин,
Эң бир кооз барчасынан жерлердин.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн келгенмин.
Акпы-көкпү же кызылбы жоолугуң?
Жоолугуңдун түсүн көрбөй оорудум.
Балким, ушул зор бакыттын өзүдүр,
Өмүр бою, өмүр бою издеттирип,
Бир көрүнбөй, бир көрүнбөй койгонуң...
Тиктейм сени тизмегинен элдердин,
Бактарынан эң бир кооз жерлердин.
Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сен деп, кайгырууга,
Кайгырууга келгенмин.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга, дайым сени издөө үчүн келгенмин.
Сөзү : А.Исаевдики
Обону : С.Жумалиевдики
Көрүшкөндө көздөрүңдөн чагылган,
Нурларынан курган кайран көпүрөм.
Бекемине күмөн санап жаңылган,
Өтүмү жок болгонума өкүнөм.
Кимге айтып күйүтүмдү,
Кимге барып өтүнөм?
Кимге айтып күйүтүмдү,
Кимге барып күнү-түнү,
Кимге барып өтүнөм?
Таңшыганча табышмактуу таң сыры,
Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү.
Табалабайм, кайрылганда айт чынын,
Артык бекен башка жердин көркөмү?
Арбалсаң да бир келерсиң,
Ала-Тоону көргөнү.
Эстегенде бир келерсиң,
Эстегенде сермелерсиң,
Ала-Тоону көргөнү.
Кала берем мекенимде сени эстеп,
Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо.
Өкүнгөнүм көңүлүмө элестейт,
Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо.
Жалын бүрккөн үшкүрүгүң,
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жаңырыгы жарар зоо.
|