|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Сөзү : Тазагүл Закированыкы
Обону : Исирадин Аманбаевдики
Мезгилдин гүлү жазгы убак,
Өмүрдүн гүлү жаш курак.
Жаштыгың өтүп кеткен соң,
Жаш кезин кимдер сагынбайт.
Билинбей өткөн турбайбы,
Сезилбей кеткен турбайбы
Алтындай болгон жаш курак.
Сүйүүнүн гүлүн аралап,
Гүлдөгөн экен жаш курак.
Кыярып бара жатабыз,
Чачтарга кирип ак бубак.
Мезгилдер алга шашылат,
Алыстап бизден жаш курак.
Чачтарга кирдиң ак бубак.
Мезгилдин гүлү жазгы убак,
Өмүрдүн гүлү жаш курак.
Жаштыгың өтүп кеткен соң,
Жаш кезин кимдер сагынбайт.
Билинбей өткөн турбайбы,
Сезилбей кеткен турбайбы
Алтындай болгон жаш курак.
Мезгилдер алга шашылат,
Алыстап бизден жаш курак.
Чачтарга кирдиң ак бубак.
Сөзү : Б.Чотурованыкы
Обону : Т.Колдошовдуку
Кеткем жолдун узак жагына,
Келдим... көпкө узатпагыла...
Жыгытканы турат бир ыза,
Тоолор, мени кучактагыла!
Карегиме конгон элеси,
Караан турат, мага ким өзү?
Тозуп кеттим көңүл чөккөндөн,
Тоолор, мени жөлөгүлөчү!
Жакшым деген бирөө эмине,
Жабыркатты жалган кебине.
Силер гана өзгөрбөйсүңөр,
Тоолор, мени сүйөм дегиле!
Торгой болуп сайрап сагына,
Кайыл болуп келдим баарына.
Төрүңөргө чыктым бой таштап,
Тоолор, мени кучактагыла!
-Эжеке, эжеке, айтыңызчы,
Мээрим, мээрим, мээрим,
Мээрим деген эмне?
-Мээрим - мээримдүү күн,
Мээрим төккөн жериме.
Жакшы көрөм күндө эртеден,
Күндүн жайнап күлгөнүн.
Мээрим төгүп бакчамдагы,
Гүлдөрүмдү өпкөнүн.
-Эжеке, эжеке, айтыңызчы,
Мээрим, мээрим, мээрим,
Мээрим деген эмне?
-Мээрим - эркелетип,
Сени өстүргөн ата-эне.
Жакшы көрөм күндө эртеден,
Энем жайнап күлгөнүн.
“Тура кой” деп эркелетип,
Көздөрүмдөн өпкөнүн.
-Эжеке, эжеке, дагы айтыңызчы,
Мээрим, мээрим, мээрим,
Мээрим деген дагы эмне?
Мээрим - сенин атың,
Мээримдүү кыз, кичине.
Жакшы көрөм, жакшы көрөм.
Сизди, эжеке, абдан.
Мээрим төгүп ырдап берчи,
Ушул ырды башынан.
Ырдап берчи, ырдап берчи,
Ушул ырды башынан.
-Макул, ырдайын.
Анда силер айткылачы,
Мээрим, мээрим, мээрим,
Мээрим, мээрим деген эмне?
-Мээрим - эң мээримдүү,
Кең пейилдүү Жер эне.
-Азаматсыңар, балдар!
Эми чогуу ырдайлычы:
-Мээрим, мээрим, мээрим,
Мээрим деген эмне?
-Мээрим - Ата Мекен,
Мээрим төккөн элиме.
Сөзү : Фатима Абдалованыкы
Обону : Түмөнбай Колдошовдуку
Ак жайыкта ажайып жел согот бир,
Ак жайыкты айланат ак кайыңдар.
Кайыңдарга айланып алышканбы,
Сени ээрчитип кетишкен ак кайыптар?
Кайырма:
Кайда, кантип жүрөсүң, кайбереним?
Калың жылдар билинбей кайда экениң.
Түнөгүңдөн түнү издеп таппай жүрөм,
Аман болсоң эсиңде бар бекемин?
Көйнөгүмө сыр таштап кеткен элең,
Көңүлүмө көөнөрбөс мээр салып.
Көлөкөң да көрүнбөй, кеттиң менден,
Көңүлүмдү көк туман, санаа басып.
Кайырма:
Сөзү : Жолдошбек Зарлыкбековдуку
Обону : Исирадин Аманбаевдики
Сагынба мени, саргая күтпө, сагынба,
Сары жондон соккон сыдырым желге тосуп жүр.
Санаамда жоксуң чекеңден сүйгөн чагымда,
Саргыч гүл алып, таажысын төккөн отуз күн.
Сагынба мени, саргайган анда бак дагы,
Чымчыктын үнү чыйрыгар уксаң кайрылып.
Көзүңдөн күйүтүң төгүлө жаздап аз багып,
Кыруулай чапкан атчандан калган чаңды угуп.
Менин да кээде ичимди кетет ийдилеп,
Кырмызы жыты, кырк салаа өргөн чачыңды.
Түшүмдө бирөө түпөйүл сестүү кол кезеп,
Кайталап сенин куш сымал көрктүү атыңды.
Аптабы, айбы, аралаш карга, жамгырга,
Таарынган куштай каттарың учат айылда.
Каттарың учат карабай күнгө, ай-жылга,
Сөздөрүн окуйм сөгүлө жаздап кабыргам.
Сагынба мени, саргая күтпө, сагынба,
Сагыныч бирге, сары жарык отун өчүрө.
Аманы башка, отуздун аркы жагында,
Жылдызы жапыз, асманы чоочун көпүрө.
Сөзү : Г.Эсенгулованыкы
Обону : Г.Эсенгулованыкы
Көп дүкөндү аралап,
Көрүп калдым мамалак.
Капа толгон көздөрү,
Карап турду жалдырап.
Кайырма:
Мамалак, мамалак,
Ырдап берем сага аранап.
Күлүп койчу мамалак,
Сага күлгөн жарашат.
Колу, бутуң оррутпайм,
Эркелеп өс, мамалак.
Жүр, жүрөгой, мамалак,
Үйгө алып барайын.
Жомок айтып, ыр ырдап,
Эркелетип багайын.
Кайырма.
Мени менен мамалак
Бакчабызга барасың,
Аябай көп балдар бар,
Сен аларга жагасың.
Кайырма.
Эң акылдуу сенсиң дейм,
Эмне айтсам билесиң.
Мен ишенбейм, ишенбейм,
Сен оюнчук эмессиң.
Кайырма.
Сөзү : Кубанычбек Бакиевдики
Обону : Э.Кайымовдуку
Из калтыр бул дүйнөдө, ансыз да өмүр кыска,
Атыңды айтып урпак, иштериң болсун нуска.
Из калтыр бул дүйнөдө, жакшылык ишиң менен,
Акындар ыр жазышсын, канаттуу сезим менен.
Из калтыр бул дүйнөдө, акыйкат сөзүң менен,
Эч качан ушак айтпа, көрбөсөң көзүң менен.
Из калтыр бул дүйнөдө, боорукер сезим менен,
Көңүлдү калтырбайлы, баары өтөт бул дүйнөдөн.
Артыңда из калтыргын, ак эмгек кызмат менен,
Унутпай элиң жүрсүн, кетсең да бул дүйнөдөн.
Из калтыр бул дүйнөдө, атанын уулу деген,
Ашыкча мүлк жыйнаба, ал кетпейт өзүң менен.
Из калтыр бул дүйнөдө, боорукер сезим менен,
Көңүлдү калтырбайлы, баары өтөт бул дүйнөдөн.
Ашыкча мүлк жыйнаба, ал кетпейт өзүң менен.
Жасап алып тал чыбыктан күлүк аттар минебиз,
Ким биринчи оозуп кетсе ага мөрөй беребиз.
Ойнобойм, ойнобойм силер менен такыр ойнобойм
Күлүк атты мага бербей койдуң,
Ошондуктан силер менен ойнобойм.
Алсаң алчы ушул атты, чырлаганды койсоңчу,
Жүргүн эми балдар менен, биз кошулуп ойнойлу.
Кана балдар тур санакка эмки оюн жашынмак,
Ким санактан чыкпай калса ошол көзүн бек жумат.
Ойнобойм, ойнобойм силер менен такыр ойнобойм
Мен көзүмдү такыр жумгум келбейт,
Ошондуктан силер менен ойнобойм.
Мейли анда сен жашынгын, чырлаганды койсоңчу,
Жүргүн эми балдар менен, биз кошулуп ойнойлу.
Шакек салмай биз ойнойбуз кызыгып,
Шакек салса сен кармалбай тез ортого учуп чык.
Алтын шакек учуп чык.
Ойнобойм, ойнобойм силер менен такыр ойнобойм
Сен шакекти мага салбай койдуң
Ошондуктан силер менен ойнобойм.
Чыр бала, арабызда биздин бир бала,
Ойногонду билбей улам-улам,
Ортобузга чыр саласың чыр бала.
Жайлоолоп боз үй тикпесе,
Жадырап кымыз ичпесе.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Ардактап кары күтпөсө.
Кайырма:
Кыр-кырда жылкы кишенеп,
Казанда турбаса бышкан эт.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Балдары минбесе, небере минбесе кысырек.
Кыздары беш көкүл өрбөсө,
Конокко кой союп бербесе.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Калпагын башка кийбесе.
Кайырма:
Көздөрү жалдырап жылдыздуу,
Дүйнөсү буруксуп гүл жыттуу.
Чолпондой ажары жанбаса,
Айтчы ошол тоолук кыргызбы?
Кайырма:
Сөзү : Абдирашит Урбаевдики
Обону : Эгемберди Талиповдуку
Бир көрүп ашык болдум, ичим тыз-тыз,
Жүрөктө сезимдерди ойготтуңуз.
Суранам өчүрбөстөн ошол отту,
Жанымда дагы бир аз,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.
Жүрөгүм, ичим тыз-тыз,
Сезимди ойготтуңуз.
Суранам өчүрбөстөн ошол отту,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.
Сүйлөңүз ширин экен сөздөрүңүз,
Тиктеңиз жылуу экен көздөрүңүз.
Арбалып жүзүңүзгө тигилейин,
Айтылсын жүрөктөгү,
Айтылсын жүрөктөгү сөздөр үнсүз.
Жайдары көздөрүңүз,
Жагымдуу сөздөрүңүз,
Арбалып жүзүңүзгө тигилейин,
Айтылсын жүрөктөгү,
Айтылсын жүрөктөгү сөздөр үнсүз.
Суранам кетпесеңиз, ичим тыз-тыз,
Жактыңыз махабаттын отун укмуш.
Жылынып ошол оттун илебине,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.
Жүрөгүм, ичим тыз-тыз,
Сезимди ойготтуңуз.
Жылынып ошол оттун илебине,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.
Жүрөгүм, ичим тыз-тыз,
Сезимди ойготтуңуз.
Суранам өчүрбөстөн ошол отту,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.
Суранам дагы бир аз отуруңуз.
|