|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Сөзү : Э.Ибраевдики
Обону : И.Жунусовдуку
Сөзү : Ж.Исабаеваныкы
Обону : Г. Сатыбековдуку
Жамгыры коңур күздүн,
Төгүлүп турду бүт күн.
Кол чатыр кармап алып,
Сен мени билем күттүң,
Бүгүн да мени күттүң.
"Жайнаган каректериң,
Карагым келет" дедиң.
А башка сөздөрүңдү,
Укпашым керек менин.
"Дүйнөңүз таптаза экен,
Көзүңүз башкача экен".
Дегенде мен ойлодум:
"Сүйөм деп айтпаса экен".
"Чын эле, чын эле сүйөм" деп айтпаса экен...
Ак жамгыр майдаланып,
Апаппак карга айланып.
Ушул кеч мени күткөн,
Баратты таңга айланып.
"Дүйнөңүз таптаза экен,
Көзүңүз башкача экен".
Дегенде мен ойлодум:
"Сүйөм деп айтпаса экен".
"Чын эле, чын эле сүйөм" деп айтпаса экен....
"Жайнаган каректериң,
Карагым келет" дедиң.
А башка сөздөрүңдү,
Укпашым керек менин.
"Дүйнөңүз таптаза экен,
Көзүңүз башкача экен".
Дегенде мен ойлодум:
"Сүйөм деп айтпаса экен".
"Чын эле, чын эле сүйөм" деп айтпаса экен...
Сөзү : Назгүл Каныбекованыкы
Обону : Т.Колдошовдуку
Сүйүү эмне, күтүү менен азаппы?
Жүрөгүңө бербейт тура азатты.
Сен жөнүндө ойлоо мага жагымдуу,
Бирок, көз жаш аралашып тажатты.
Өттү жылдар, ай алмашып өзүңсүз,
Шамал дагы аймалабай көңүлсүз.
Табиятка кошуп алдап өзүмдү,
Ооз учунан сүйбөй койгом дедим суз.
Капа болбойм мага муздак карасаң,
Арнап сага жаңы ырларды жаратам.
Өкүнгөнүм, кайгырганым – башкысы,
Сенсиз өткөн күнгө көнүп баратам.
Бир көрүп, капысынан караганың,
Карегим карегиңе кадалганын.
Ушундай унутулгус нерсе болду,
Жазыксыз жүрөгүмдү жараладың.
Арзуум сезимдерди араласын,
Канткенде ак сүйүүнү таба аласың,
Ишеним эки жактан тең болсун деп,
Кош жүрөк күмөндүктү санабасын.
Кайырма:
Ыраазымын тагдырыма, сүйүүнүн актыгына,
Буйругун бир өзүңдөн, таптым мына
Сүйүнүч нуру толсун, өчпөгөн бакыт консун,
Табышкан ак сүйүүбүз түбөлүк бирге болсун...
Жүрөгүм алоолонуп жанып барат,
Мен үчүн укмуштуудай сезим жанат
Жаштыктын унутулгус бул күндөрү
Түбөлүк эч өчпөстөн эсте калат.
Кайырма:
Сөзү : М.Осмоналиевдики
Обону : Э.Талиповдуку
Тизилсем кайрат күүлөтүп,
Теминсем алга сүрөөдүң,
Кызым деп согот ар дайым,
Ууздай таза жүрөгүң.
Атакем ачык асманым,
Каректей мени аярым,
Чындыкты туудай туу туткан,
Чыккан күн, сүргөн ак таңым.
Төбөмдө жанган жылдызым,
Төрүмдө толгон ырысым.
Өмүрдө жайган ак өргөм,
Өзүңсүз кантип жылысын.
Атакем ачык асманым,
Тумардай мени сактарым.
Чындыкты туудай туу туткан,
Чыккан күн сүргөн ак таңым.
Алыска серпил кулачым,
Ак сарай, кутум, кубатым
Мээримиң төгүп мен үчүн,
Мекеним болуп турасың.
Атакем ачык асманым,
Унутпайм берген батасын.
Чындыкты туудай туу туткан,
Чыккан күн сүргөн ак таңым.
Атакем бүтпөс дастаным.
|