|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Кыйнала ойлоп мен сени,
Кылыгың абдан эңседим.
Сенби деп карай беремин,
Сеңселе басып келсе ким.
Кеттиңби жаным ыраакка,
Күткөнүм болду бир апта.
Сыр кылып айткан шыбышың,
Шыңгырап турат кулакта.
Суктана тиктеп суу шаарын,
Суусадым, сен деп суусадым.
Дартыма даба болгонсуйт,
Сага деп чыккан ыр сабым.
Кусага жүрөк жанчылды,
Жан биргем эми барсыңбы.
Бар болсоң бачым келип жет,
Сагынган перим күтөт деп.
Сагынган жаным күтөт деп.
Сөзү : К.Калдыбаевдыкы
Обону : Р.Аттокуровдуку
Атар таңым, кубанычым, үйдө кутум,
Асыл жарым, ардагым, бакыт кушум.
Өмүр бою жаркырап жанымда жүр,
Өзүң барда мен үчүн дүйнө бүтүн.
Кайырма:
Сапарлашым, түгөйүм, сагынарым,
Сүйгөн жарым, эрмегим, жалынарым.
Мен карыйын түйшүгүң тартып жүрүп,
Сен карыба, жан биргем, кагылайын.
Бир өмүргө өзгөрбөс арчадайым,
Бийиктеги жылдызым, бак-таалайым.
Алдымда жүр жетелеп максаттарга,
А мен болсо артыңдан акмалайын.
Кайырма:
Кудай кошкон жандоочум, сүйдүрөрүм,
Угуп турчу, чынымды билдирейин.
Сенин барың суранып Жараткандан,
Сени менен түбөлүк бир жүрөйүн.
Кайырма:
Сөзү : .Сатканбай Момуналиевдики
Обону : Т.Колдошовдуку
Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен,
Кат да жазбайм кубанычтуу, кусалуу.
Сымбатыңыз суктандырып турса да,
Жүрөгүңүз, эркиңиз да тушалуу.
Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен,
Кечириңиз, тынчыңызды алдым көп.
Сезимиңиз сенектигин байкабай,
Тажатыпмын айта берип сүйөм деп.
Ырлар жазбайм сагынычтуу, кусалуу,
Күнөөлөбөйм сүйбөдү деп сизди мен.
Сезим жанбоо - бактысыздык, чоң кайгы,
Сүйүп, зарлоо чоң бакыт деп түшүнөм.
Сиз мендиксиз, мендик дагы эмессиз,
Сезим, ойлор бирге, бирок бөлөкпүз.
Сагындырып, саргайтканыңыз үчүн,
Сүйөмүн да, жек көрөмүн сизди эпсиз.
Сөзү : А.С.Пушкин которгон Э.Турсунов
Обону : Т.Колдошовдуку
Сизди сүйгөм, дале сүйүү бар чыгар,
Сиз деп күйүп, көөдөнүмдөн жан чыгар.
Кантем эми, сизди азапка салбайын,
Кайгыртпайын, сабырымды кармайын.
Сизди сүйгөм, сыр билгизбей ичимден,
Сыздап жаным, кыйбай такыр башкага.
Талап кылам сизди сүйгөн кишиден,
Так мен өңдүү сүйө билсин таптаза!
Сизди сүйгөм, дале сүйүү бар чыгар,
Сиз деп күйүп, көөдөнүмдөн жан чыгар.
Кантем эми, сизди азапка салбайын,
Кайгыртпайын, сабырымды кармайын.
Талап кылам сизди сүйгөн кишиден,
Так мен өңдүү сүйө билсин таптаза!
Сөзү : Каныбек Исаковдуку
Обону : Т.Колдошовдуку
Баарынан кечтим, жүрөктө жанган жылдыздар,
Аярлап күткөн ыйыктай боло алган жок.
Кол тийгиз таза, аруу деп жүргөн көп кыздар,
Мен сүйгөн бойдон жүрөктө жанып калган жок.
Үзүлүп түштү, үлбүрөк назик сезимим,
Кубаты болчу, жалындап күйгөн кезимдин.
Алоолоп эми сүйө албай калды бир жүрөк,
Күнөлүү өзүң, күнөлүү болсом кечиргин.
Бир адам эми эстебейт сени күнү-түн,
Жандырбайт эми байлантып сага үмүтүн.
Бийликтен кетүү, байлыктан кечүү опоңой,
Жоготуу сени кыямат болду мен үчүн.
Жан дүйнөм кыыйрап, акылдан атың өчүрдүм...
Көзүңдөн айланайын күлүңдөгөн,
Энеңдин тийип турган күнү менен.
Ар дайым кубанчыңда, таалайыңда,
Дүйнөдө сени менен болсун энең.
Алдыңа курман сагылайын,
Таарынтып албайын мен, жаңылайын.
Көрбөсөм, кайра-кайра өппөй калсам,
Эрмегим кармап кетет сагынайын.
Күлкүңдөн, жооругуңдан эркетайым,
Периштем бешенеме тийген айым.
Уядан канат күүлөп учканыңча,
Жаныңда энең-атаң болсун дайым.
Күчүгүм кебетеңден кагылайын,
Баласак болсом кантип жаңыртпайын.
Күн тийип, куштар сайрап сен кубанып,
Бактыңа элде тынчтык болсун дайым.
Жыпар жыт мончок жыттанган,
Каректен шоола нур тамган.
Жылаажын күлкүң шыңгырап,
Жылдызым сага суктанган.
Жаркыным кайда жоголдуң,
Жан дүйнөм эми бүт арман.
Бардым ат минип камчылап,
Агылды жылдар мынча бат?
Ырдалып барат өмүрдү,
Ансайын жүрөк муңканат.
Тагдырың болбой мен үчүн,
Алыстап күйгөн шам чырак.
Махабат бүрдөп жакындан,
Жүрсөңчү жайнап жанымда,
Жаштыктын кечир катасын,
Кайрымдуу болгун карыган,
Өмүргө бирге жуурулуп,
Өрттөнсүн кайра кабырга.
Сөзү : Куштарбек Кимсановдуку
Обону : Т.Колдошовдуку
Мен үчүн дале бийик Күнсүң, Айсың,
Мамилең кыш, а бирок өзүң жайсың.
Сезимим оюм баары сени дешет,
Сен аны сезалбайсың, сезалбайсың.
Кыялда жакын басып ыктап жүрдүм,
Түшүмдө көргүм келип уктап жүрдүм.
Бир келген өмүр бирге өтсө гана,
Чын дилден мен өзүңдү сүйдүм, сүйдүм.
Өзүңдөн муктаждык бар мээрим издейм,
Чакырам махабатты келиңиз дейм.
Сүйөрүм ушул сөздөн дааналансын,
Түшүмдө сени көргөн түндү сиз дейм.
|