|
Сөзү : К.Жетимишбаевдики
Обону : Б.Мамаевдики
Сөзү : Р.Абдыкадыровдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Биз жолуктук, билбейм, качан, үмүтүм,
Бийлеп алдың жүрөк сырын сен бүтүн.
Жолукканда бир жолу эмес, тагдырга миң,
Тагдырга миң ырахмат.
Бизди кошкон, өмүр бою
Ошол бейпил, ошол бейпил күн үчүн.
Мен өмүрдө даалай жолу ыйладым,
Мээрим издеп, өзүмдү өзүм кыйнадым.
Жолукканда ошол күнү,
Эң биринчи, эң биринчи өзүңө,
Көңүл дегдеп, жүрөк толкуп, жүрөк толкуп,
Көөдөнүмө сыйбадым.
Ошондогу сулуулугу, ай, дүйнөнүн,
Мен Жер шарын бүт айланып жүргөнмүн.
Бул дүйнөдө, бийик кармап,
Ыйык сүйүү, ыйык сүйүү желегин,
Мен өзүңө эрте-кечтир,
Жолугарым, жолугарым билгенмин.
Сөзү : А.Чылымовдуку
Обону : Б.Мамаевдики
Ал күнү сенин добушуң болчу дилдирек,
Сүйүүдөн бекен, сүрдөдүң бекен ким билет.
Арзыдым билсең, албырып жүзүм от болуп,
Асманда Ай да аярлап калган токтолуп.
Кайырма:
Жазгүлүм менин, ак сүйүүм.
Жазгүлүм менин, ак сүйүүм.
"Сүйөмүн" дедиң жүзүмдөн сүйүп акырын.
Жүрөгүм туйлап сүрдөдүм мен да, асылым,
Сыдырым желге саамайың учуп сеңселет,
Жан дүйнөм сага сүйүүсүн айтат эркелеп.
Кайырма:
Жазгүлүм менин, ак сүйүүм.
Жазгүлүм менин, ак сүйүүм.
Жалжылдап жайнап, жалт карап алган көздөрүң,
Жаныма жакын, жагымдуу болчу сөздөрүң.
Санаага салбай, сагынтпай такыр башканы,
Сагындым сени, сагынтты мени жаз дагы.
Кайырма:
Жазгүлүм менин, ак сүйүүм.
Жазгүлүм менин, ак сүйүүм.
Күн болуп жарк деп күлгөнүң,
Өзгөртпөй такыр мүнөзүң.
Өрттөнүп, күйүп баратам,
Жалынын өзүң өчүргүн.
Өрт болуп күндө күйсөм да,
Зар болуп сага жүрсөм да,
Сагыныч сырын айта албай,
Гүлдесте арнайм, ыр жазам.
Гүлдөрдүн издеп гүлзарын,
Баркташын билбей гүл баркын,
Санаага салбай, карындаш,
Сагынычым жазчы, Гүлбарчын.
Сөзү : А.Урбаевдики
Обону : А.Төрөбековдуку
Саратан күчөп турганда,
Жамгырды чөлдөр күтүшөт.
Жаз келип сайран курганда,
Ак кууну көлдөр күтүшөт.
Кайырма:
Э-эй, жылмайып жүрөк эргиткен,
Жаныңдан өзүм, садага.
Күтүүсүз келген бакыттай,
Бир келип кетчи Ош жакка.
Суу болуп алып аксам деп,
Мөңгүлөр күндү күтүшөт.
Ааламга жарык чачсам деп,
Жылдыздар түндү күтүшөт.
Кайырма:
Азапка батты жүрөгүм,
Жолугар жомок күндү эңсеп.
Зарыгып күтүп жүрөмүн,
Сүйгөнүм, сендей жанды эңсеп.
Кайырма:
Эңсеген менин жазымсың,
Кел, жаным, көңүл ачылсын.
Ак куудай каалгып учайын,
Буулуккан черлер жазылсын.
Кайырма:
Эңсеген карлыгачым,
Эсимден тандырасың.
Бактымдай махабатым,
Багынтып алдабачы.
Кайырма:
Шурум, шурудайым,
Сага ырдайын.
Сезим алоолонот,
Мендик болчу дайым.
Шурум, шурудайым...
Күлкүңдүн шыңк эткени,
Жүрөгүм зырп эткени.
Үлбүрөп карап койсоң,
Үмүтүм жылт эткени.
Кайырма:
Шурум, шурудайым,
Сага ырдайын.
Сезим алоолонот,
Мендик болчу дайым.
Шурум, шурудайым...
Көзүмдүн карасындай,
Көңүлдүн дабасындай.
Жүзүңдү көргүм келет,
Жүрөктө санаам тынбай.
Кайырма:
Шуру, шурудайым,
Сага ырдайын.
Сезим алоолонот,
Мендик болчу дайым.
Шурум, шурудайым...
Сөзү : Г.Шакированыкы
Обону : Б.Мамаевдики
Сөзү : А.Табышевдики
Обону : Б.Айтбосуновдуку
Сөзү : Г.Момунованыкы
Обону : Б.Мамаевдики
Сөзү : Тилек Пирматовдуку
Обону : Тилек Пирматовдуку
Сагындым го мен сени, кайда жүрөсүң?
Сагынычтан саргайдым, эңсеп жүдөдүм.
Сага деген ак сүйүүм өчпөс түбөлүк,
Сени гана, ардагым, сени сүйөмүн.
Кайырма:
Сени гана эңсеп жүрөмүн,
Сен дегенде ырдайт жүрөгүм.
Эсимдесиң, дайым эсимде,
Сени гана, сени сүйөмүн.
Сенсиз өтпөй күндөрүм, узун түндөрүм,
Сенсиң менин үмүтүм, күдөр үзбөдүм.
Сага деген ак сүйүүм өчпөс түбөлүк,
Сени гана, ардагым, сени сүйөмүн.
Кайырма:
Сени гана эңсеп жүрөмүн,
Сен дегенде ырдайт жүрөгүм.
Эсимдесиң, дайым эсимде,
Сени гана, сени сүйөмүн.
Сөзү : Ж.Исабаеваныкы
Обону : Т.Пирматовдуку
Сөзү : Г.Момунованыкы
Обону : Б.Мамаевдики
Барсыңарбы, кыргыздын жигиттери,
Эл деп туулуп, жүрөгү эл деп соккон?
Барсыңарбы, кыргыздын жигиттери,
Эл деп иштеп, кайрымдуу, колун созгон?
Барсыңарбы, кыргыздын кыраандары,
Калкан болуп элине жанын тоскон?
Барсыңарбы, кыргыздын шумкарлары,
Жакырлыктан куткарчу алып колдон?
Кайырма:
Канатыңар кайда кайкып бийик учкан?
Кайратыңар кайда, жигит, тоону бузган?
Кайдасыңар, эр Манастын тукумдары?
Кайда даңкың, атагың аалам уккан?
Эл- жер ойлоп бир өзүнө намыс кылган,
Ак эмгегин эл-журтуна азык кылган.
Барсыңарбы, кыргыздын жигиттери,
Барчылыкты эл-журтуна насип кылган?
Эр Манастар качан өзүн ойлочу эле?
Болбогонду эл-журт үчүн болтурчу эле.
Кара мүртөз душмандарга башын сайып,
Ал душманга өзүн-өзү окточу эле.
Кайырма:
Канатыңар кайда кайкып бийик учкан?
Кайратыңар кайда, жигит, тоону бузган?
Кайдасыңар, эр Манастын тукумдары?
Кайда даңкың, атагың аалам уккан?
|