|
Андан бери жылдар алмашты,
Кара чачты бубак кар басты.
Сүрсө дагы мезгил мезгилди,
Эстен кетпейт сүйүүм алгачкы.
Күн чартылдап, булут түнөрүп,
Үнсүз турдук сөздөр түгөнүп.
Терс бурулдум көздөн жаш ыргып,
Дегениңде "кош бол, түбөлүк".
Жаштык оргуп нурлуу жүзүңдөн,
Эрдиң таттуу ширин жүзүмдөн.
Аралыктын баарын багынтып,
Ар күн сайын көрөм түшүмдөн.
Самайм бирге жүргөн күнүмдү,
Уксам деймин назик үнүңдү.
Сууйт колуң сурайм сунбагын,
Эми мага кызыл гүлүңдү.
Сөзү : К.Жетимишбаев
Обону : Б.Мамаев
Жаш кезимден өстүрдүң го кастарлап,
Эркелетип окутам деп "каз-каздап".
Эркелеттиң, "айланайын уулум" деп,
"Мен уулумдун көтөрөйүн уулун" деп.
"Мен уулумдун көтөрөйүн кызын" деп.
Кайырма:
Апакем, апакем,
Кадырлуусуң дайым сен.
Эгер азыр сен болсоң,
Ак сүтүңдү актаар элем азыр мен.
Эмне кылам, не кылам?
Арга таппай мен турам.
Жайыңыз жаннаттан болсун деп
Аргам жокто тилеймин мен Кудайдан.
Апа деген ушунчалык ыйык белең?
Элесиңди жүрөгүмө сактап келем.
Чын эле мен айтпаймынбы мындан ары
Дүйнөдөгү ыйык сөздү "апа" деген?
Көрбөйсүң сен таңдын жаңы атканын,
Көрбөйсүң го байчечекей ачканын.
Көрө албадың эр жеткенин уулуңдун,
Небереңдин жаңы там-тум басканын.
Небереңдин энекелеп айтканын.
Кайырма:
Сөзү : М.Молдалиева
Обону : Б.Мамаев
Сөзү : Г. Сатыбековдуку
Обону : Г. Сатыбековдуку
Ассалому алейкум,
Аксы жерим, аманбы?
Кабыл ал саламын балаңдын.
Издеп бир келдим колукту,
Аксыдан сулуу жолукту,
Карашы жүрөктү оорутту.
Кайырма:
Каштары кара, көздөрү кара,
Көргөн жан суктанат.
Чырайын кара, басканын кара,
Буралат, буралат.
Айдын кызыбы, Чолпон жылдызбы,
Же бизден алыспы?
Сүйүүм жетеби, колум жетеби?
Саруубу, багышпы?
Өңүмбү билбейм, түшүмбү,
Көрбөгөм мындай сулууну.
Чын эле, чын эле сүйдүмбү?
Кандай бир айла кылайын,
Колуңду эми сурайын,
Түбөлүк болсоңчу жубайым.
Кайырма:
Сөзү : Ж.Кадыров
Обону : Б.Мамаев
Сөзү : Ж.Бузурманкулов
Обону : Б.Мамаев
«Аке» деген сөзүңдөн ананайын,
Акең болуу менин да самаганым.
Ушул бойдон түбөлүк калсаң экен,
Урмат-сыйды тартуулап,
Урмат-сыйды тартуулап мага ар дайым.
Кайырма:
Э-э-й, түштүк кызы,
Карындашым, садага,
Карындашым, садага,
Садагасы...
Канча өзүмдү сабырлуу кармабайын,
Алып эле баратат арбаганың.
Наристем, оо, назыңдан кагылайын,
Наристем, оо, назыңдан айланайын.
Кайырма:
Азырынча мен акең болуп койсом,
Анча-мынча бирөөдөн коруп койсом.
Айып этпе, карындаш, анан, анан, ай
“Аке” деген оозуңдан соруп койсом.
Сөзү : Ж.Исабаева
Обону : Б.Мамаев
Айылыңдын чебер узу бол, кызым,
Үйүңдүн ырыс, куту бол, кызым.
Кайненең менен кайнатаң үчүн,
Келини эмес, кызы бол, кызым.
Кайырма:
Көшөгөң көгөрсүн, кут түшсүн түнөгүңө,
Кубатым, эстүү бол, нур жаасын жүрөгүңө.
Жан биргем, ырыстуу, ыймандуу бүлө болуп,
Балдарга апа бол, бакыт бол түгөйүңө.
Балдарды суук көздөрдөн өзүң сакта,
Теңирим, жаман сөздөрдөн өзүң сакта.
Экөөнүн бийик сүйүүдөн арзып курган,
Уясын урап-чөккөндөн өзүң сакта.
Кайырма:
Жарыңдын асыл жары бол, кызым,
Үйүңдүн жарык шамы бол, кызым.
Кайын журт сүйгөн, кадырлап күйгөн,
Жашоонун аппак таңы бол, кызым.
Сөзү : О.Шакиров
Обону : Б.Мамаев
Сөзү : Турар Кожомбердиевдики
Обону : Сардарбек Жумалиевдики
1
Гүлдү көрдүм, аяп аны үзбөдүм,
Бирок калды жаз гүлүндө менин издерим.
Эмнегедир көңүл дегдеп ошондо,
Көп гүлдөрдөн сени гана издедим.
Акыры таптым, ошол мага туу болду,
Жүрөккө дем, өмүргө ынак гүл болду.
Доорун сүрүп, элин мактап жактырар,
Доско кайрат, душман, кастар кул болду.
Эгер мени кайгы булут каптаса,
Ачык бойдон, ачык асман, таптаза.
Үмүт жылт деп, үйдүн куту жарк этип,
Өмүр, чиркин, өйдө көздөй акпаса.
|