|
Сөзү : Б.Мамаевдики
Обону : Б.Мамаевдики
Сөзү : Т.Тыныековдуку
Обону : Н.Давлесовдуку
Күнүгө ойлоп сагынып,
Күтөмүн сени зарыгып.
Карааның көзгө көрүнбөй,
Калдыңбы мага таарынып.
Тамаша бүткөң кыялың,
Тартамын сен деп убайым.
Табылып жаштык дарысы,
Таркаса боло кумарым.
Эрмекке карап сүрөттү,
Эскерип эчен күн өттү.
Эркелеп айткан сөзү үчүн,
Эзбесең боло жүрөктү.
Жаш кезде кетет жаңылыш.
Жарабайт жаным таарыныч.
Жанашчы келип жаныма,
Жазылсын күткөн сагыныч
Ошол күнү кош айтыштык унчукпай,
Алыстагы карааныңды көрсөтпөй.
Толкуп ташып кала бердим ага албай,
Из калтырып соолуп калган өзөндөй.
Көрбөй калсам сагынам деп жазганың,
Жалган беле сүйөм деген каттарың?
Бул өмүрдү ойрон кылып кеттиңго,
Көлгө айланды көздөн аккан жаштарым.
Жан дүйнөмдү козгоп жүргөн сөздөрүң,
Билбептирмин баары жалган экенин.
Кайгы-муңду тартуу кылып өзүмө,
Билбей калдым кимди ээрчип кеткеним?
Кандай сонун бул жашоодо сүйүү тапсаң,
Ак сүйүүдөн сен эч качан айрылбасаң.
Тоскоолдуктарга жеңилип ажырашпастан,
Түбөлүккө кол кармашып чогуу бассаң.
Кайырма:
А бирок бул жомок,
Андай сүйүү жашоодо жок.
А бирок бул жомок,
Андай сүйүү жашоодо жок.
Ооруганда сени көрүп күйүп турса,
Кыйналганда жөлөк болуп, күлүп турса.
Барга көппөй, жокко чөкпөй сенин сүйгөнүң,
Өмүр бою жалгыз сени сүйүп турса.
Кайырма:
А бирок бул жомок,
Андай сүйүү жашоодо жок.
А бирок бул жомок,
Андай сүйүү жашоодо жок.
Унутпа сенде калган сырларымды,
Кирген суу, жааган күндөй жылдарымды.
Өмүргө бир гана ирет жаралсам да,
Өзүң деп миң толгонуп учканымды.
Унутпа бирге болгон күндөрүңдү,
Назданып нур жүзүңдөн сүйгөнүмдү.
Турмушка бир гана ирет жаралсам да,
Аялуу жан сырымды төккөнүмдү.
Унутпа кечээкиңди, эртеңкиңди,
Жабыркап бир өзүңө жеткенимди.
Заманга бир гана ирет жаралсам да,
Сезимге из калтырып кеткениңди.
Унупа жылдыз мончок жылдарыңды,
Жылды ээрчип жылтылдаган жыргалыңды.
Унутсаң мени унут, бирок, жаным,
Унутпа сенде калган сырларымды.
Унутпа менден уккан ырларыңды.
Ажайып деп тоонун гүлүн искеген,
Арзуу жытын неге мурда сезбегем.
Ушунча жыл өмүр сүрбөй кур, бекер.
Балким, сенин жытың гана издегем.
Алыс кетсем илебиңди сагынам,
Ооруп калсам, жытың татсам айыгам.
Сен жыттанган шамал уруп турса деп,
Мен ичимден табияттан жалынам.
Мындай жытты кызганышар арчалар,
Арзуу жытын сезбей өтөр канчалар.
Көз жумарда не деп сүйлөйм билбеймин,
Жытың искеп анан, мүмкүн, жан чыгар.
Торгой өңдүү тоо гүлдөрүн эңсегем,
Жытың издеп жолго чыгам күндө мен.
Сендей жакшы жолукса да жашоомдо,
Сендейди мен таба албасмын дүйнөдөн.
Мейли досум бактылуу бол, жан досум,
Теңир сенин бактыңды ачып колдосун.
Жакшылыка, жамандыкта ар күнү,
Дайыма жанымда, жанымда дайыма
Ар дайым бирге болгонсуң.
Сапар тартсам алыска мени узатып,
Оюм жетпей акылым келбей баш катып
Келечек мага жарык болуп туюлуп,
Жарык заман ырлары, жарык заман жыргалы
Сырлары мага угулуп.
Ыраазымын сендей досум бар болгонуна,
Дос, душмандар сен мен үчүн арданганыңа.
Жакшы достор эзелтеден жакшы жүрүшкөн.
Жакшылык менен жамандыкта,
Жаман күн менен азаттыкта.
Кыйын күндө бирге журушкөн.
Жарты нанды теңге бөлүшкөн.
Үй-бүлөлүү бололу балабыз келсин,
Аяш ата, аяш апа батасын берсин.
Конок болуп, конок тосуп бактылуу бүлө.
Чакырайын сени, чакырсаңчы мени,
Конок болсом сенин үйүңдө
Ак кой союп кан дос бололу,
Достук күндү белгилеп коелу.
Кудай өмүрдү токсон жаш берсин.
Белгилейли сенин, белгилесек менин
Токсон жашта торколуу тойду.
Келчи досум кан дос бололу
Бүгүнкү күндү белгилеп коелу
Келчи достор чын дос бололу.
Сөзү : Н.Эгенбердиева
Обону : Б.Мамаев
|