super.kg logo

Төрт эмдин апасы: “Балдардын аттарын алмаштырып албайлы деп ар биринин керебеттерине ысымдарын жазып койдук”

 
Көп балалуу ата-эне
Төрт эм чоңоюп жаткан үй Рухий-Мурас конушунда жайгашкан.
Элхан атасы Нурлан менен
Нурсултан төрт эм инилери менен
Эне сүтү төрт эмге тең жетпейт, кошумча азыктар менен багышат.
Төрт эмдин агалары
Төрт эмди алмаштырып албаш үчүн ар биринин тушуна аттары жазылган.
Нурсултан балдардын улуусу, апасына жардам берип, чай куят.

Бүгүн, 21-апрелде SUPER.KG порталынын чыгармачыл тобу Бишкекте төрт эм эркек балалуу болгон үй-бүлөгө конокко барып кайтты. Белгилүү болгондой, учурда Алмазбек, Асылбек, Кубанычбек жана Камчыбек 200 граммдан салмак кошуп, ден соолуктары жакшы. 4 эм менен катар дагы 3 уулду тарбиялап жаткан эне бир кезде боюнан алдырууну ойлогонун, азыр балдардын кучагында өзүн бактылуу сезип жатканын айтып берди.   

"ЭНЕ СҮТҮМ 4 БАЛАМДЫ ТОЙГУЗГАНГА ЖЕТПЕЙ ЖАТАТ"

Балдардын энеси Гүлайым Абдылдаеванын айтымында, төрт эмдин экөөсү бир тондон чыккандыктан, бири-бирине куюп койгондой окшош, ал эми калган эки наристе айырмаланып турат. Ата-эне балдардын аттарын алмаштырып албоо үчүн ар биринин керебеттеринин тушуна ысымдарын жазып коюшкан. Гүлайым Абдылдаева: “Менин сүтүм төртөөнө тең жетпей, аларга кошумча азыктардан берип жатабыз. Эң кичинекей болуп төрөлгөн Кубанычбекти көбүрөөк эмизем. Балдарым курсагы ток, асты таза болсо күлүп-жайнап калышат”,- дейт. 

4 ЭМДИН ТӨРӨЛҮШҮ МЕНЕН ҮЙ-БҮЛӨДӨ 7 УУЛ БОЛДУ 

Балдардын атасы Нурлан Зарнаев уулдары төрөлгөн күндү эч качан унутпай турганын айтат: “Мындай бакыт ар бир наристе күткөн ата-энеге буюрсун дейм. Кээде ишене албай кетебиз. Качан балдарыбыздын жанына келип жыпар жытына мас болгондо “бакыт деген ушу тура” деп калабыз. Жубайымдын аман-эсен көз жарып алганына медкызматкерлерге абдан ыраазыбыз”.

“Төрт эм төрөгөндөр биздин тукумда болгон эмес”,- деп сөзүн улантты Нурлан мырза. “Бирок жубайым тарапта эгиз төрөгөндөр болгон, анын таенеси, апасы экиден эгиз төрөшкөн, ал өзү да эгиздин түгөйү”,- дейт ал. Ал эми учурда Нурлан менен Гүлайымдын төрт эмден башка дагы 3-2-класста окуган Нурсултан, Эрбол жана 1 жаштан ашкан Элхан аттуу уулдары бар. Жылмайып, шайыр отурган Эрбол апасына чоң жардамчы болуп калганын айтып берди: Апам чарчабасын деп үй жыйнайбыз, катуу шоктонбойбуз. Бөбөктөрүбүздү терметебиз. Инилерим чоңоюп калса, аларга окуганды үйрөтөм”.

"9 АЙ МУРУН БОЮМА БҮТКӨНДӨ ДОКТУРГА БАРЫП, БОЮМДАН АЛДЫРАМ ДЕГЕМ"

9 ай мурун боюма бүткөндө ооруканага алдырам деп баргам. Себеби Элхан аттуу уулумду операция жолу менен төрөгөнүмө 6 айдын гана жүзү болгон. Албетте, мындай учурда кайра бойго бүтүү өтө кооптуу болгон. Бирок УЗИден эгиз балдар экенин айтышканда апам менен кеңешип, “Кудайдын бергени экен” деп кайра төрөөнү чечтим. Башында дарыгерлер эки бала дешкен, кийин үчөө экен деп, акыркы жолу барганда төрт эм эркек көтөрүп жүрөсүң деп сүйүнтүштү. Кудайга шүгүр, балдарымды 9 ай көтөрүп, аман-эсен көз жарып алдым. Эми дагы кыздуу болобуз деген үмүтүм чоң”,- деди Гүлайым Абдылдаева.    

"ӨКМӨТ ҮЙ МАСЕЛЕСИН ЧЕЧИП БЕРЕБИЗ ДЕП ЖАТАТ"

Тилекке каршы, 7 кичинекей баласы бар бул жаш үй-бүлөнүн үйү жок. Алар азыр туугандарынын үйүндө жашап жатышат. "Өзүбүздүн ысык суусу бар, жылуу үйүбүз болсо деп эңсейбиз. Президентибиз да бизге көңүл буруп, учурда үй маселесин чечип беребиз деп турушат. Өзүм куруучу болуп иштейм, бирок акыркы кезде жумушка барбай калдым. Жубайыма каралашып үйдө болуп жатам",- деди Нурлан Зарнаев.



Урматтуу окурмандар, бул макаланын видеоверсиясын "Супер ТВдан" жакынкы аралыкта көрө аласыздар. 






4 эмдин ата-энеси: “Бардык шарттары бар өзүбүздүн үйгө жетсек деп эңсейбиз”

Автор: Айзат Болотбек кызы, Наргиза Бекжанова
Оператор: Азамат Бакиров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(61)
21.04.2015. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Омурлуу жана ден соолуктары чын болушсун! Ата Энесине каражаттан окмот жардам бериши керек! Олкобуздо ушундай уй булолор кобойсун!
22.04.2015. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bossmos7,туура каражат коп керек болот тортоону тен караш кыйнга тураттыр няня да бар болсо ага да акча толош керек жалаягы, памперси, кийим тошок майда чудо толтура нерсеге екча керекда. Бактылуу уй було экен наристелер омурлуу болуп ден соолукта чоноюшсун! Бизге да 4 эм болбосо да 2-3 эмден насип этсе экен Аллахым!
21.04.2015. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Супер канча жардам кылды экен?
21.04.2015. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уйу бар бутуруп алсын деп акча которулду деп жатышат элего.Уйубуз жок деп жатышатко.кимге ишенуу керектигин билбейсин тооба.
21.04.2015. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
baba., уйу жок.жер тилкеси бар ошол жерге уй куруп алышат.окмот берген акча жетпесе дагы жардам берет деген.
21.04.2015. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
baba.,мен да ошентип уккам, участогуна үй салуусуна чоң жардам берилет экен деп. Жакшы жубайлар экен,келечекте уулдары элибиздин керегине жараган жигиттер болушаар.Аман-эсен,ата-энеси менен чогуу болушсун.Буларга жардам берилбесе уят го
21.04.2015. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балдары баары жылдыздуу красавчиктер экен)) Аллахым омуру ден соолугу ыйманы менен берсин баарынын.Ата-энесине куйумдуу кыргыздын керегине жараган чыгаан эр азаматтардан болушсун.
21.04.2015. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баары жардамды супер кылды деп ойлойм?анткени ушундай кабарларды жеткирип турат жетер жерине.болбосо биздин чондор анча мынча нерсеге конул бурбай. билбей да калат!
Эл керегине жараган эр азаматтар болсун!
21.04.2015. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омурлору узуун ата энелерин сыйлаган жакшы балдардан болушсун.
21.04.2015. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омурлору узуун болсун)
21.04.2015. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудайым омуру менен берген болсон мага ушундай берсе экен деп тилеп олтурам кудайдан
21.04.2015. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омурулуу жана ден соолуктары менен болсун! Аллах Ата-энелуу кылып чонойтсун!
21.04.2015. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудайым эки дуйнодо бактылуу кылсын!Сизден энеге таазим!Балдарыныздын бактысына аман болунуз)
21.04.2015. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Омурлору узун болушсун.Кандай керемет 7 уул бала))
Эми кызда торонуз.
21.04.2015. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kandai sonun keremet 4 emduu bolush omurluu bolushsun
22.04.2015. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өмүрлү болушсун кыргызымдын чыыган инсандарынын катарын толуктасын
22.04.2015. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балдар жатканга жумшак керебет берсе болмок тигилеринин тубу каттуго.Элханга бир аз кыйын болуптур да апасын тарттырып жибериптир.Бактылуу болушсун уй булонор жаман коздон алыс болсун ,
мен да эгиз торошту тиленем
22.04.2015. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурлору узун болсун
22.04.2015. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан таяке бешик боонуздар бек болсун!Омурлуу жана ден соолуктары чын болсун!
22.04.2015. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым журокторуно ыйман берип чонойусун ата энесине гуйумду жана кыргыз элинин чыган жигитеринен болушсун омурлу болушсун
22.04.2015. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу ден соолуктары чын болсун,окмот кооп эле жардам кылсын,ылайым бизге дагын кудайым ушундай эгиздерди насип этсин
22.04.2015. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии мойтойгон элхан абдан ширин бала экен,тушунбой эле калса кк
22.04.2015. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ылайым кыргызымдын бут кызына ушундай ыйман берсин. Азыр 1,2ни тороп алып калганын алдырып салышат. Кудайым канча бала берсе да баарын ырыскысы менен берет. Сразу "Баатыр эне" болуптурда. Куттуктаймын, инилерибиз акыл эстуу, ар дайым ата-энесине куйгон кыргыз элине кызмат кылган инсандардан болсун.
22.04.2015. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин да 3 уулум бар. Мага да кудайым дагы да кооп наристе берсин деп тилеймин ар дайым. Ошондой эле кыргыздар ушинтип кобое берели.
Медиа-портал
22.04.2015. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми окмот уадасын айткандан кийин жол каратып куттурбой тез эле аткарып берсе жакшы болот эле айтылган соз атылган ок дегендей айткан создору жел болуп калбай тез аткарылса экен супер инфо сиздерден жообун кут обуз
22.04.2015. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өмурлөру узуун акыл эстуу ыймандуу келечеги кен ата эне бир туугандарын сыйлаган кыргыз элимин керегине жараган чыгаан уулдардан болушсун.
Медиа-портал
22.04.2015. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
омурлору узун болсун жакшы чонойтуп алсын мамлекет башчыбыз уй берсин эми
22.04.2015. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу уй булоо.коз тийбесин тфу.тфу.Балдарынын омурун берсин.акылдуу,ден соолукта болушсун.Кудайым мага да уул берээрин унутпасын.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: