Бишкекте Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата аскердик жүрүш нөшөрлөгөн жамгырдын астында өттү (фото)


























Бүгүн, 9-майда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата аскердик жүрүш аяктады. Бул жүрүшкө өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскердик түзүмдөрүнүн жана "Кант" орусиялык авиабазасынын 1500гө жакын аскер кызматкерлери катышты. Мындан тышкары иш-чарага келгендер аскердик техниканы, танктарды, учактарды жана тик учактарды көрүштү. Жалпысынан жүрүштү көрүүгө 10 миңге жакын адам келди.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Иш-чарада КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысы Алмазбек Атамбаевдин куттуктоо сөзүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев окуп берди. Андан соң Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Темир Сариев да ардагерлерге куттуктоо сөздөрүн айтышты. Аскердик жүрүш нөшөрлөгөн жамгырдын астында өттү.
Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке 70 жыл
Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
2

Бул символикалуу көрүнүш да, атайын ардагерлерге ошол жылдарды эске салуу, көз алдыга келтирүү, ошол мезгилди чагылдыруу максатында уюштурулат. Анткени ошол жылдарда алардын жаштыгы калган, ошондой шартта алар согушуп, жеңиш алып келишкен ж.б. Чатыр, ботко, кара нан, анан "100 грамм" болуш керек эле, бул жылда кайталанат, б.а. салт болуп, Жеңиш күнүн белгилөөнүн бир бөлүгү болуп калган. Андыктан бул нормалдуу эле көрүнүш..
Parad jakw boluptur, birok dayrdyk kuchtuu emes. Kebir askerler kochodo basyp baratkandai sezildi, jawtar patriotuk sezimdi oigotolu. ar bir asker ozuno mildet katary kabyl alsa baary jakw bolot degen umutomun.
...тоокчо елдер жаандан жашынаарга жер таппай журушуптур