Бишкекте Эл аралык карылар майрамы салтанаттуу концерт жана спорттук оюндар менен уланууда (фото)



















Бүгүн, 1-октябрда Бишкектеги Киев менен Чүй көчөлөрүнүн ортосундагы Эркиндик бульварынын кесилишинде Эл аралык карылар күнүнө карата "Жүрөктөн жүрөккө" аттуу көргөзмө-жарманке концерт жана улгайгандар арасында шахмат боюнча сынак менен уланууда. Иш-чарага премьер-министр Темир Сариев, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев күбө болду. Алар салтанат ээлерин майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук каалап өтүштү. Ошондой эле бийлик өкүлдөрү жарманкени кыдырып, карылардын колунан бир нече миңге соода кылып, шахмат боюнча мелдештин байгеси үчүн 10 миң сом беришти.
Автор: Наргиза Бекжанова
Фото: Наргиза Бекжанова
Майрамда жаш жигиттер улгайган апаларды жай бийге чакырышты. Ал эми мындай толкундануудан кокус жардам керек болсо деп "Тез жардам" кызматы көзөмөлдөп, каалоочулардын кан басымы жана кант көрсөткүчтөрү текшерилип жатат. Эртеден бери иш-чарага катышып жаткан карыяларга бекер тамак-аштар да берилди.
Темир Сариев карыялардын капчыгын кампайтты
Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Эрмек Райымбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
Bonia9189

SUPER.KG видео
01.10.2015. 21:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар болунуздар чон ата,чон апалар ден соолукта болунуздар,омурунуздор узун болсун.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.