super.kg logo

Бишкекте бүгүн эртең менен чыккан өрттүн кесепетинен "Южный ковчег" чиркөөсү толугу менен күйүп кетти

 

Бишкекте бүгүн эртең менен чыккан өрттүн кесепетинен "Южный ковчег" чиркөөсү толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алгач өрт Аалы Токомбаев көчөсүндөгү №31/1-дарегинде жайгашкан жеке менчик мектепте чыкканы айтылган. Кийин өрт мектепке жанаша жайгашкан "Южный ковчег" чиркөөсүндө чыкканы белгилүү болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрттү өчүрүүгө 9 өрт өчүрүүчү унаа, 75 кызматкер тартылган. Өрт жалпысынан 1000 чарчы метрди чапчыган. Мектеп имараты зыянга учурап, чиркөө толугу менен күйүп кеткен. 8 кабаттуу имараттын 4 кабатында "Рэфал" жеке менчик мектеби орун алган. Ал эми үстүнкү кабаттарда кеңселер жайгашкан.

Айта кетсек, өрт чыккан учурда мектепте жалпы 227 окуучу болгон. Алар өз учурунда имаратты таштап кетүүгө үлгүрүшкөн. Ал эми чиркөөнүн ичинде кароолчу менен администратор болгон. Тилсиз жоодон жабыркап, каза болгондор жок.






Бишкекте чиркөө толугу менен күйүп кетти

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
29.11.2016. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чиркоолордо шам жагылат эмеспи балким ошондон улам чыккандыр.
29.11.2016. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандайча комментарийлер (4).ал эми астында бироо эле
SUPER.KG видео
29.11.2016. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эптеееп эле пенопласттан куруп койгон турбайбы...Бул жерге канча ата-эне балдарын силерге ишенип берип жатат.жаш балдар окуган жерди баардык шартка ылайыкташтырып курушса го аттин.Бул да оз кызыкчылык(бизнес)экен да...
29.11.2016. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мусулмандар кыллды деп провокация болбосо экен Эми.
SUPER.KG видео
01.12.2016. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла Кудуреттуу! Эмнеге куйгонун бир гана Алла билет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: