super.kg logo

Жеңишбек Жумакадыр кыргыз тилинде сүйлөшүүгө чакырган билдирүү боюнча пикирин айтты

 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети интернеттеги социалдык түйүндөрдө кыргыз тилине байланыштуу тарап жаткан чакырыкты иликтей баштаганын маалымат кызматы билдирген эле.

"Бардык жайларда бир гана кыргыз тилинде сүйлөшөлү" деген билдирүүнү айрым интернет колдонуучулары төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр жазган деген пикирлерин жазышып, ага карата териштирүү иштери башталды деген маалыматтар жайылган. Төкмө акын дарегине айтылып жаткан кептер боюнча SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Мага WhatsApp социалдык баракчасындагы топтон ушундай билдирүү келген. Ал билдирүүнү өзүмдүн Facebook баракчама “дешти” деп колдоо иретинде жарыялап койгом. Менимче, кыргыз тилине күйгөндөрдүн баары эле колдошту окшойт. Ал эми териштирүү иштери боюнча мага эч ким чалган жок. Мен “башка тилде сүйлөбөгүлө, башка тилди билбегиле” деген жерим жок. Болгону кыргыз жигиттеринин эне тилине күйгөндүгүн баалап, колдоп койдум", - дейт.

Бизге берген жообунан кийин Жеңишбек Жумакадыр чуу жараткан билдирүүгө "Тилим үчүн түгөнүүгө даярмын" деген ыр жазып, аны социалдык баракчасына жүктөгөн.

Улуу жолду басып келген,
Улуу белди ашып келген.
Тоо элинин каны сымал,
Толкун болуп ташып келген.
Менин тилим кыргыз тил,
Тилим менен ажырагыс,
Дилим дагы кыргыз бил.

Мен кыргызмын,
Кыргыз болуп калган үчүн,
Көктө өчпөс жылдызмын.
Ким кыргызга суктанышса,
Тилин билсин кыргыздын.
Өмүрдөгү багытым бар,
Өз дегенде намысым бар.
Ошон үчүн кыргызмын.

Тили үчүн,
Күйсүн ар бир атуулдар.
Тили үчүн,
Күйгөн нечен асылдар.
Тилим үчүн менин дагы,
Күйө турган акым бар.
Кыргыз болуп төрөлгөндөр,
Кыргыз тилин унутууга,
Айтчы кандай акың бар?

Мен кыргызмын,
Кыргыз болуп калганыма кубанам.
Кыргыз болуп төрөлгөнмүн,
Кыргыз болуп талпынганмын уядан.
Кыргыз болуп жаралгандар,
Кыйшык сүйлөп турушканга,
Кызарам да, уялам.

Кыргыз тилсиз Ала-Тоодо,
Көркү чыкпайт турмуштун.
Тил кармаган тизгиниңди,
Кай тарапка ыргыттың?
Тил жоголсо билбейсиңби?
Жоголорун кыргыздын.
Кыргыз болсоң,
Сакта, сакта тилиңди.
Кыргыз болсоң,
Сатпа, сатпа тилиңди.
Кыргыз тилин жерип сүйлөп,
Эч келтирбе жиниңди.

Өгөйсүнүп өз тилиңди,
Өзгөлөргө жагалданба.
Ушул тилдин азабынан,
Улутунан,
Унут болгон жандар канча.
Кыргыз болбой калдым дей бер,
Кызыл тилиң,
Кыргызчадан тайгаланса.
Эмнең бакыт айтчы мага,
Эне тилиң майдаланса.

Кыргызсың сен кыргыз менен,
Кыргызың бар кыргыз деген.
Тилиң кыргыз
Сүйлөгөнгө кыргыз болуп,
Сүйүн кыргыз.
Үшүттүрбөс Ала-Тоодой,
Үйүң кыргыз.
Улутуңду урматтаган,
Үнүң кыргыз.
Түпсүз бүтпөс тилиң менен,
Дүнүйөгө
Билин кыргыз.

Жер жүзүнөн экөө болсо,
Түгөнбөй экөөнө тең батар кыргыз.
Антсе да улуу улут,
Ала-Тоого чакан кыргыз.
Акылсыз өз тилин унуткандар,
Акыры сыйласаңчы,
Ардактап күчүн берген,
Атаң кыргыз!
Алпештеп сүтүн берген,
Апаң кыргыз!
Кымбат тилин унутту эле,
Качан кыргыз!

Ук аталар, ук апалар,
Бата бергин кыргызга.
Болсун батаң кыргызча.
Ук агалар, ук жеңелер,
Карындаштар, эжелер.
Айтар сөзүм бир нуска.
Өз баркыңды билбей жатып,
Өзгө жакка тырмышпа.

Биздин тил алсыз дейсиң,
Бабаларым «Манас» айткан.
Ай-жылдап түгөтө албай,
Акындар санат айткан.
Ааламдын сырын билип,
Ай-жылдыз санап айткан.

Ушул тил алсызбы анан,
Уулаган сөзүңдү угуп.
Үшкүрөм кайгыланам,
Сулуу тилим сумсайып бара жатат,
Сендейлердин арабызда бардыгынан.

Эй, кыргызым!
Эне тилиң кастарлап сакта бекем.
Көөнөрбөгөн өнөрдү тилден бүткөн,
Көңүлүңдөн кетирбей жатта бекем.
Кайран тилдин касиетин кармай албай,
Каректерден жашыбыз акпаса экен.
Улуу жолду улантар урпактардан,
Ушул тилди билбейм деп айтпаса экен.

Жарнамалар,
Көрнөктөр,
Жарыялар
Башка тилде агылган
Дарыялар.
Көчөлөрдө кыргызча жазган менен,
Көрктүү сөз жок
Көңүлүм кабыл алар.

Башты кайда катабыз,
Балаа басса.
Тилиң үчүн түгөнгүс,
Санаа басса.
Эне тилде эмне үчүн,
Жокко эсе
Бөбөктөргө жол ачар
Бала бакча.

Уккун кыргыз!
Уул-кызың кулагына кумдай куюп,
Балапандай кезден тартып,
Басарында кыргызсың де.
Жаздыгына башын коюп,
Жатарында кыргызсың де.
Эл-журтуң жок жалгызсың де.
Өз тилиңди билбей турсаң,
Өз өлкөңдө алсызсың де.
Эне тилиң чанган болсоң,
Эрме чөлдө калган жандай,
Эч ким эмес байкушсуң де.
Эне сүтүн танган болсоң,
Эне тилиң чанган болсоң,
Эс-акылсыз маңкуртсуң де.

Берекелүү мекен үчүн,
Бекем болгун сынгыс дегин.
Эне тилиң тепсеп турсаң,
Эл алдында кылмыш дегин.
Бизге чейин угут кылган,
Баркы бийик улут кылган,
Кыргыз тили кыргыз дегин.

Заманыңда ойку-кайкы,
Санаа кыргыз.
Келечекке көз чаптырып,
Кара кыргыз.
Чала молдо сыяктанып,
Чокуп сүйлөөр,
Чыкты кайдан
Чала кыргыз.
Укмуш болуп кетсең дагы,
Улуу тилди унут кылбай,
Урпагыңды
Ая кыргыз.

Өз тилимди билбей туруп,
Чала жандай жүргөнүмчө темселеп.
Өрнөк болбой башкаларга,
Өлгөн жакшы эртерээк.
Катуу айтсам,
Кечиришер уккандар.
Ал анткени,
Кыргыз тилге кылыч кармап,
Кыр көргөзөр душман бар.

Кадыр-баркың коё тургун,
Тилиң өссүн биринчи.
Атак-даңкың коё тургун,
Тилиң өссүн биринчи.
Актанганың коё тургун,
Тилиң өссүн биринчи.
Мактанганың коё тургун,
Тилиң өссүн биринчи.
Кайрыгыңды коё тургун,
Тилиң өссүн биринчи.
Байлыгыңды коё тургун,
Тилиң өссүн биринчи.

Кыргыз болсоң,
Кыргыз тилин мактап бил.
Кылым баскан,
Санжырасын сактап бил.
Кыргыз үчүн күйүп-бышып,
Какшап бил.
Үмүтүнө үмүт кошуп,
Дүбүртүнө дүбүрт кошуп,
Даңктап бил.
Билгиң келсе эне тилиң,
Буулуктурбай булбул болуп,
Таптак бил.

Эне тилим
Эки көздүн карегиндей деп билгин.
Тамырына балта чаппай,
Бапестегин өстүргүн.
Тилиң менен жаңыланып,
Тилиң менен
Жашап өтүп, эскиргин.
Улуту да кыргыз туруп,
Руху да кыргыз туруп,
Унутууга акысы жок эч кимдин.

Сен кыргызсың,
Кыргыз менен бирге болсун
Келген бакыт, ырыскың.
Менин тилим, сенин тилиң,
Мизинен курч кылычтын.
Жок болушу эне тилдин,
Жок болушу кыргыздын

Өз элиме өз тилимде жагармын.
Тилим менен бакыт издеп,
Тилим менен агардым.
Энекемдин сүтү менен,
Эне тилим канга айланган,
Эч кирдетпей багармын.
Өз тилиңди корго дагы,
Өз күчүңө таянгын.
Кереметтүү тилим үчүн,
Келбейт менин аянгым.
Кыргызмын мен,
Кыргызсың сен,
Кыргыз болуп,
Кыргыз үчүн жаралдың.

Бөксөрбөстөн толуу үчүн,
Бир кудайдын жолу үчүн,
Тилим тирүү туруш үчүн,
Түбүм кыргыз улут үчүн,
Түгөнүүгө даярмын.

 






“Кыргыз тилинде гана сүйлөгүлө” деген билдирүү боюнча УКМК текшерүү жүргүзөт

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(13)
21.02.2018. 07:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Киргиздерге оор келип кеткен го ээ,Кыргыздардын кыргызча суйлойлу деген чакырыгы
21.02.2018. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Патриот деп ушул кишини айтса болот. Айланайындар кыргыз болгондон кийин ал билдирууго эмнеге тээригесинер. Ырас айтат керек болсо башка улуттагылар кыргызча уйронушсун биздин мекенде жашап жатканда кийин
21.02.2018. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Төкмө акын төгүп ташаптырго молодец.
21.02.2018. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Улук болсом тилим менен улукмун,улут болсом тилим менен улутмун,анткени тил паспортуда,митиркасы улуттун.
21.02.2018. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
кыргыз тилин билбеген кыргыз кыргыз эмес!!
21.02.2018. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Женишбек байке соз жок 'мыкты акын а териштирем дегендерге соз бар
21.02.2018. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргыз тилин колдоп онуктурууго жылына канча акча коротушат маданият министирлиги???анан андан кыйратып пайда чыкпайт тескеринче кыргыз тилинин абалы уламдан улам начарлап баратат.анан тушунбойсун ушунтип кыргыз тилин колдогондорго каршы иш козгоп текшеруу жургузгондорго.тескеринче суйунбойсунорбу акчасы жок эле чын дилинен кыргыз тилин колдоп жаткандарга.
21.02.2018. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жети дубандын баары кыргызча суйлосо экен.Кыргыз тилине башка тилди аралаштырбай.
21.02.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
moskoy, ошо туура айтасы ң. Мага ХХХХ сүйлөгөнү жакпайтда
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-02-21 15:44:04
21.02.2018. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен да колдойм 100 пайыз. Азаматсыз !!! Кыргыз болуп туруп кыргызча билбеген уят!
SUPER.KG видео
22.02.2018. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Путинден коркобузда!Ошон учун да!
22.02.2018. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Паспортто кыргыз деген жазуу жогу өкүндүрдү.
SUPER.KG видео
22.02.2018. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура кыргызча суйлош керек 20кыргыз туруп 1орус бир нерсе сураса орусча жооп бересинер бул уят кыргыздар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: