super.kg logo

Ысык-Көлдө мүрзөнү талкалагандар 4 күндөн бери табыла элек. Анда калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат

 

Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы белгисиз адамдар тарабынан талкаланган православдар мүрзөсүн калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Ананьево айылынын тургуну Зоя Студеникина бүгүн, 15-январда кабарлады.

Анын айтымында, мүрзөнү калыбына келтирүү үчүн жергиликтүү тургундарга Бишкек, Каракол шаарларынын жашоочулары жардамга келишкен.

"Көрүстөндү калыбына келтирүү иштери азыр да уланып жатат. Талкаланган 48 жыгач эстелик оңдолуп ордуна коюлду. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да колунан келген жардамын көрсөтүүдө. Учурда жарабай калган эстеликтердин ордуна жаңылары жасалып жатат", - деди Студеникина.

Ал эми Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы азырынча мүрзөнү талкалагандар табыла электигин белгилеп, издөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, белгисиз адамдар Ананьево айылындагы проваславдардын мүрзөсүнүн тосмолорун, көрүстөндөгү эстеликтерди, белгилерди сындырып, гүлдөрдү туш тарапка чачып кетишкен. Жергиликтүү тургундар көрүстөндүн талкаланганын 11-январь күнү кечинде байкашкан.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигине Ысык-Көл районуна караштуу Ананьево айылындагы көрүстөндөгү вандализмге күнөөлүүлөрдү таап жана жоопкерчиликке тартууну тапшырган.


кошулду





Ысык-Көлдө мүрзөнү талкалап кеткендер 4 күндөн бери табыла элек

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
15.01.2019. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бизди эми ушундай кызыл камчы диний фанаттар талкалап, тагдырыбыз ошолордун колуна түшөт турбайбы деген күмөндүү ойлор ар бир жаранды кооптондурат. Мындай акмакчылык иштер чектен өтүп кеткен айрым ислам фанатизмге азгырылгандан улам көбөйүп баратканынан пайда болууда. Бугунку кундо аша чаап исламга берилуунун кесепети мындан да чон проблемага алып келет. Динге берилбейлик, дин жон гана саясат.
Kairat1996 түзөттү 2019-01-15 12:15:13
15.01.2019. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kairat1996, неле калтырап коркосуң? Ушунчалык Коён жүрөксүңбү? Негизи мусулмандар эч нерседен коркпойт, дагы деле сага окшогон динсиздер коркоксуңар)). Диний фанаттар бузганын көрдүңбү? Же сага айтыштыбы? Же коркконунаң эле мусулмандарга шылтоолоп жатасыңбы теңирчи?)
15.01.2019. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аны бузган бухариктер кетиштида ар жакка чачылып.
15.01.2019. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мусулмандар неге бузсун ойлогула христиандар биздей эле кудайга ишенген адамдар анан мусулмандар эч качан христиандарды жаман көрбөйт а баптисттер мусулмандарды хрстиандарды да жаман көрөт баптисттерди христиандар дагы мүрзөсүнө койдурбайт баптисттердин кылганы бул иеговага агымындагылар и
Kymbatym түзөттү 2019-01-15 18:32:38
16.01.2019. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Необразованный мусулмандар бир нерсени билиш керек! Христиандар, иудейлер жана зороастрийцтер каапыр деп эсептелинбейт. Аларды "ахль аль-китаб" (Люди писания) деп коюшат, себеби алар дагы кудайга ишенет! Аллах орусча бог,господь, кыргызча кудай деп которулат. Кээ бир жерге барып "Слава тебе Господи" десем, "эч кандай господь жок, сен эмне христианбысын? Ааламда бир гана кудай бар, анын аты Аллах" деп жаман алышат!!! А Аллах деген орусча бог, господь болуп жатса анан
EddieNigma түзөттү 2019-01-16 02:19:47
16.01.2019. 05:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдым эмне зор келди экен мурзо каналарга барып ошентип бузуп э ыйман ынсап берчи кудайым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: