super.kg logo

"Дарбыздын ичи кан сыяктуу болуп, колго кармасаң майдаланып кетпей, чоюлчаак экен" дейт Ош шаарындагы базардан дарбыз сатып алган тургун

 

Ош шаарындагы базардан сатып алган дарбыздын ичи кыпкызыл кан сыяктуу болуп, кармап көрсөк чоюлчаак болуп жатат деген шаар тургуну Кутман Султанов SUPER.KG порталына буларды айтып берди.

Анын айтымында, дарбызды 22-июнда шаардагы базарлардан Тажикстандын дарбызы деп 3 даана сатып алган.

"Ичи кыпкызыл болуп тургандыктан даамдуу көрүнүп, үчтү сатып алгам. Үйгө келип кессек эле ичи башкача кызыл экен. Жеп көрсөк даамы жок, анан кармап көрсөк майдаланып кетпей, чоюлчаак. Мыкчып көрсөм желим сыяктуу. Анан дагы ал жактагы дарбыздардын баарынын формалары бирдей болчу. Эртеси үйдө бузулбай турган 1 дарбызды мага саткан сатуучуга алып барсам, дарбыздарды сатып бүтүп, кетип калышкан экен. Бирок өзүм тийиштүү жерлерге кайрылган жокмун", - деди Султанов.

Буга чейин Өзбек жана Тажик өлкөлөрүнөн алынып келген дарбыз жана коондордо нитраттын өлчөмү көп экени айтылган. Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын жетекчиси Калыс Жумакановдун Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жөнөткөн каты жарыяланган.






Дарбыздын ичи кан сыяктуу болуп, кармап көрсөң желим

Өлкөгө келип жаткан коон жана дарбыздардагы нитраттын өлчөмү нормадан ашык

Автор: Адилет Керимбек уулу
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.06.2019. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биздикилер,качан элдер олуп, какшаганда аран кыймылдайт.Бишкекте бир да норма дарбыз жок экен,акчам жалко болду.Озубуздуку деле бышты сооонун болуп.Мобул,тажмктики, Ташкентикки дегенден алыс эле болоюн дедим
26.06.2019. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироосун жеп коюпсунар го уже
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: