super.kg logo

Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышуудан кийинки Максат айылынын абалы (видео)

 

Кыргыз тарапка тиешелүү жерлердин тажик тарапка өтүп кеткени боюнча буга чейин Катыраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев SUPER.KG порталына билдирген. Биздин тартуучу топ абалды жеринен билүү үчүн атайын Баткен облусунун Лейлек районуна барып, жергиликтүү элдин үнүн угуп кайтты.

Баткен облусунда Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондору бар. Анын эң алыскы району болуп Лейлек району эсептелинип, райондун курамына 51 айыл кирип, калкынын саны 142 миң адамды түзөт.

Биздин тартуучу топ Лейлек районуна барганда жергиликтүү тургундар кошуна жашаган тажик элинин үйлөрүн көрсөтүп, ал гана эмес кыргыз жерлерин алар уруксатсыз пайдаланып келишкенин айтып беришти. Жергиликтүү тургундар Назырбек Ахматов жана Уланбек Матмуратов биздин тартуучу топту унаасы менен шахматтай болгон тилкелер, кошуна жашаган тажик тараптын үйлөрүн көрсөтүштү.

Жашоочулардын айтымында, Саада айылындагы 15 гектар кыргыз тарапка тиешелүү жерди учурда тажик тарап колдонот.

Ал эми Лейлек чек ара постунун командири Сапарбек Орозбаев жергиликтүү тургундардын айтканына кошулбайт. Анын айтымында, делимитация жана демаркация боло элек жерлер көп болгондуктан бир тараптуу чечим чыгарууга болбойт.

Жергиликтүү тургундар Кулунду айыл өкмөтүнүн эли 1954-жылы Кулунду айыл өкмөтүнүн жерлерине жайланышып, тоодон көчүп келишкенин билдиришти. Аларды мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков чек араны тосуп калуу максатында атайын көчүрүп келген.

16-сентябрда тажик аскерлери Кыргыз өлкөсүнүн чек арасына кирип келип, биринчи болуп ок чыгарышкан. Кыргыз тарап келишимди бузбай мыйзамдын ченинде иш алып барган. Кошуна өлкө тарабынан биринчи ок атылгандан кийин гана кыргыз тарап ок атууга өтүшкөн. Бул тууралуу Лейлек чек ара отрядынын командири Сапарбек Орозбаев айтып, ок атышуу болгон жерлерди көрсөтүп берди.

Мындан сырткары, ал чек араны бекем коргоп турушканын, жерди эч кимге бербестигин айтып элди ар кандай чагымчыл ойлорго жетеленбөөсүн өтүндү.

Окуя болгон учурда элдин тынчтыгын сактап, кызмат кылган чек ара кызматкерлерине ыраазычылык билдирген тургундар дагы болду.

Кыргыз-Тажик чек арасындагы атышуудан Максат айылындагы Максат атындагы мектептин дагы имаратына ок тийип жабыркаган.

Аталган мектеп 2015-жылы 225 балага ылайыкталып курулуп, учурда мектепте 198 бала билим алып жаткан. Ок имараттын алты-жети жерине тийип, дубалды тешип өтүп, айнектерди талкалаган.

Аталган мектептин директору Каттабек Юлдашев чек арада жайгашкан мектептер кооптуу экенин айтат. Анын айтымында, аткылашуу окуучулардын аң сезимине таасир тийгизип, азыркыга чейин мектепке балдар толугу менен келе элек.

Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышуудан кийин окуучулар, ата-энелер жана балдар коркуп калышкан.

Мындан улам коркуп калган окуучуларга, ата-энелерге психологиялык жардам көрсөтүлүп, педагогдор балдарга сабак өтүп жатышат.

Окуучуларга сабакты Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү аймактык институтунун окутуучулары Мухаммед Садыков жана Нурмухаммед Дооранов жүргүзүшкөн. Балдарга психологиялык сабак өтүү сунушу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан сунушталганын Дооранов айтты.

Ал эми Бишкектен балдарга психиологиялык жардам көрсөткөнү атайын адистер дагы келишкен. Алар бир эле балдар эмес, ата-энелер дагы психологиялык жарадамга муктаж экенин белгилешти.

Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү кечке жуук кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, тажик тараптын чек арачылары Лейлек районундагы Максат жана Сай бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен атайын даярдыктагы аскер Равшан Муминов курман болуп, 13 киши жарадар болгон. Жарадар болгон жарандарга медициналык жардамдар көрсөтүлгөн.






Лейлек чек ара чырынан кийин

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Улук Сулайманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
30.09.2019. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман эле болду. Тынч болсун мындан ары
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: