Жалал-Абадда 24 жаштагы кыз кемпирдин кийимин кийип, тилемчилик кылып жүргөн жеринен кармалды






Жалал-Абадда жалган маалыматтар менен кайыр сурагандар аныкталып, айып пулдар салынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ШИИБи коомдук тартипти сактоо, кылмыштардын жана жоруктардын алдын алуу, кылмыш жасоого көмөк көрсөткөн себептерди аныктоо, аларды жоюу максатында "Укук жана тартип" аталышындагы рейд өткөрүүдө.
Рейд учурунда коомдук жайларда жарандарга терс таасирин тийгизип, борбордук көчөлөрдө автотыгындарды, ыңгайсыздыктарды жаратып, тилемчилик менен алектенген кайырчылар менен жеке жумуштар жүргүзүлдү. Рейд учурунда 24 жаштагы кыз улгайган кемпирдин кийимин кийип, жүзүн жаап, кайырчылык кылып жүргөндүгү белгилүү болгон. Ал эми 46 жаштагы аял Жалал-Абад шаарындагы асма көпүрөдө "эжем рак оорусу менен ооруйт” деген жалган маалыматтар камтылган баракчаны көтөрүп тилемчилик кылаары такталган.
Аталган эки жаран каттоого түшүрүлүп, тиешелүү материалдар топтолуп, айып пулдар салынды. Мындан сырткары, көчөдө мас абалында баласына көңүл бурбай жүргөн бир аял аныкталып, анын 8 жаштагы баласы Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн адистери менен биргеликте “Ак-Жол” балдарды коргоо бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад ШИИБи тарабынан өткөрүлүп жаткан "Укук жана тартип" рейди 7-декабрга чейин улантылат.
Тилемчилик кылып жүргөн кемпир жаш кыз болуп чыкты

Оскар мындай эле утушат булар киного тартылса.
Кызым, балам ооруйт дегендер да көп.