super.kg logo

Жарандык активист: "Садыр Жапаров бошотулсун!" деген митингге миңден ашуун эл келди. Бийлик бизди угат деп ойлойбуз"

 

Абактагы саясатчы Садыр Жапаров президенттен ырайым сурап кат жөнөткөнүнө 2 жарым ай болду. Бирок ага карата чечим чыга элек. Бул боюнча бүгүн, 19-декабрда Бишкектин Максим Горький атындагы сейил багында "Садыр Жапаров акталып, бошотулсун!" деген аталыштагы митингде айтылды.

Жарандык активист Аманбол Бабакулов митингге 1 жарым миңге жакын киши келгенин айтты.

"Бүгүн биз суранычыбызды бийликке угуздук. Баарыбыздын тилегибиз эле Садыр Нуркожоевич эркиндикке чыкса деген. Эгер бийлик биздин үнүбүздү укпаса, эч кандай жооп болбосо, анда мындай митингдер дагы күчөйт", - деди ал.

Митингге келген мурдагы депутат Бактыбек Калмаматов ырайымдуулуктун жообунун кечигип жатышын төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

"Биз коомчулук ал же бул жагдай тууралуу атактуу адамдар кабылган гана учурда билебиз. Садыр Жапаров мунапыс сураганга чейин да бир топ абактагы адамдар ырайымдуулук сурап келишкен жана канчалаган жарандардын каттары кароодо кезекте турат. Ал эми Садыр Жапаровдун маселесинде 2-3 инстанция тууралуу сөз болуп жатат, бул 2-2 жарым айдай убакытка барат экен. Негизи мыйзам боюнча кат 14 иш күндүн ичинде каралышы керек. Кантсе да баарын жакшылыкка жоруп туралы", - деди ал.

"Садыр Жапаровго боштондук" деп аталган жыйынга саясатчылар Камчыбек Ташиев, Жылдызкан Жолдошева да келип, "Жапаров күнөөсүз жерден отурат" деген пикирлерин айтышты.

"Президент Сооронбай Жээнбеков "Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаров ырайым сураса берейин" деген болчу. Кана ажонун бир сүйлөгөнү", - деди Жолдошева.

Митингге өлкөнүн облустарынан да жашоочулар келишкен. Митинг 2 саатка созулуп, топтолгондор талаптарын айткандан кийин тарап кетишти.






“Садыр Жапаров бошотулсун!” деген ураандын астында митинг өттү

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: