super.kg logo

Чек ара кызматы: "Баткенде абал салыштырмалуу туруктуу, ок атуулар токтоду"

 

10-январга караган түнү Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек ара тилкесинде дагы ок атышуу орун алды. Учурда жагдай тынчып калганын, тажик тарап ок чыгарууну токтотконун Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлады.

"Чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн. Өткөрүү жайлары штаттык режимде иш алып барышууда. Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде күч түзүмдөрдүн иш-аракетин Баткен облусунда жүргөн Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев координациялоодо", - деп кабарлады.

Окуянын чоо-жайы:

9-январдан 10-январга караган түнү саат 00:40та Баткен районунун Жака-Өрүк жергесинде, белгисиз адамдар Баткен шаарына бара жаткан Кыргыз жаранына таандык унааны таш менен урушкан. Унаанын ичиндеги Кыргыз жарандарынын арасынан жаракат алгандар бар экендиги маалымдалган.

Болжол менен бир сааттан кийин, тагыраагы, саат 01:40 чамасында Баткенден Көк-Ташка кетип бара жаткан дагы бир Кыргыз жаранынын унаасын тажиктер Көчө-Карын жергесинде таш менен урушкан.

Саат 02:40та Дахма жергесинде Тажикстандын жарандары Кыргыз жаранынын үйүнө таштарды ыргыткан. Жабырлануучунун үйүнө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бирге бараткан чек арачылар Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан чыккан окко учурашкан. Ок атуулар тажик тараптан гана чыгып жатканын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирген.






Баткенде кайра чыр болду. Тажик тарап таш ыргытып, ок атты

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
10.01.2020. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чек арада эч ким жабыркаган эмес бекен? тажатты ушул тажиктер.
10.01.2020. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чек араны жаап салгылачы 3-4айга
10.01.2020. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тынч эле болсунчу.
10.01.2020. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Товар откорушту. Болду токтойт. Спектакль болчу бул.
10.01.2020. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сокени Баткенге кочуруш керек
SUPER.KG видео
11.01.2020. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Качан токтойт ушундай корунуштор? Тажиктерди чекеден эле ата бергим келип кетти.
SUPER.KG видео
11.01.2020. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматту жогору жак конкреттуу чечим качан кабыо аласынар, ушунчалык кыйынбы чечим кабыл алыш? Же .....
SUPER.KG видео
13.01.2020. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз элим озуно Бекем бол
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: