Министр: "Коронавирусту алдын алуу үчүн Кыргыз өлкөсүндө намазга жамаат болуп топтолуу чектелет"





Коронавирусту алдын алуу үчүн Кыргыз өлкөсүндө намазга массалык түрдө топтолуу чектелет. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда коронавируска байланыштуу жыйында саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.
Анын айтымында, бул темада алар Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандар дин башкармалыгына жолугуп, сүйлөшүү өткөрүшөт. "Вирусту алдын алуу үчүн элдин көп топтолгон жерин чектешибиз керек. Намазды адамдар топтолбой эле өз алдынча үйдө окуп турса болот", - деди Чолпонбаев.
Министрлик жума намазын окууну кыскартып турууну сунуштады
Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
1

#Алынар жетпейт..