super.kg logo

Өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаал эрежесинин шарттары тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов түшүндүрмө берди

 

Бүгүн, 21-мартта Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун катышуусунда өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүү тууралуу онлайн брифинг өттү.

"22-марттан тартып Кыргыз өлкөсүндө өзгөчө кырдаал режими киргизилет. Өзгөчө кырдаал биологиялык-социалдык кырдаал болуп саналат. Бул эпидемия, ага байланыштуу карантиндер киргизилет. Учурда коронавирус жуктурган жарандар жашаган аймактар карантинде турат. Өзгөчө кырдаал режими өлкө аймагына киргенде өзгөчө тартиптер болот. Карантин болгон аймактан сыртка чыкпоо, өздүк гигиенаны сактоо, турак жайларды дезинфекциялоо, санитардык эрежелерди аткаруу талаптары коюлат. Жарандардын бир жерден экинчи жерге баруусу кыскартылат. Бул коронавирусту жайылтпоого кылган аракеттин негизинде чыккан чечим. Ушундан улам шаар ичиндеги коомдук транспортту кыскартууга аракет кылабыз. Ушул эрежелердин негизинде жарандар жашоо шарттарын түзүп алуусу зарыл. Кырдаалга байланыштуу ар бир мамлекеттик орган өзүнө жүктөлгөн милдетти аткарат", - дейт Боронов.






Өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режими киргизилет

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Кызжибек Раимова
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
21.03.2020. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Насыя толочулор кантти ошондо
21.03.2020. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Урматуу,Супер - Инфо жамааты , бир суроо жаралып жатат, вирустан сактангыла деп коюп эмне үчүн аймактык шайлоо, жана эл каттоону эмне үчүн токтоткон жок???? Ушул суроого жооп алып бериңиздерчи.
21.03.2020. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош бишкек жолу жабылат бекен ошондо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: