super.kg logo

+439. Эң жогорку көрсөткүч! Акыркы сутка ичинде коронавирус жуктуруп алгандардын 370и Бишкек менен Чүйдөн

 

Сутка ичинде өлкөдө 439 жарандын анализинен коронавирус илдети бар экени аныкталды. Муну менен республика ичинде ооругандардын саны 5 миң 735ке жетти. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев бүгүн, 1-июлда брифинг учурунда айтты.

Бишкек шаары – 195;
Чүй облусу – 175;
Ош шаары – 5;
Ош облусу – 5;
Нарын облусу – 10;
Жалал-Абад облусу – 24;
Талас облусу – 12;
Баткен облусу – 13.

Жаңы катталган 439 адамдын ичинен 4 бейтап сыртан келген, калган 435и тастыкталган учурлар менен байланышта болгондор.

Стационарда – 750; алардын ичинен жандандыруу бөлүмүндө – 19; үй карантининде дарыланып жаткандар – 2 миң 480.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 3 миң 281ди түздү, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 21 миң 145 адам (бул көрсөткүч эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).

Буга чейин өлкөдөгү коронавирус боюнча эң жогорку көрсөткүч 27-июнда катталган эле. Анда 309 адам илдет жуктуруп алганы аныкталган. Бүгүнкү статистика андан 130 кишиге көптүк кылат.

Белгилей кетсек кечээ, 30-июнда Ош шаарында жана Ош облусунда 1ден гана коронавирус жуктуруп алган бейтап катталган. Буга аталган аймакта ПЦР-анализди жүргүзүүгө керектүү каражаттар жок болуп жатканы себеп болгон. 30-июнга чейин Ош шаарында жана Ош облусунда сутка ичинде вирус жуктуруп алгандардын саны көп болуп жаткан.






+439. Өлкөдө күн ичинде коронавирус жуктуруп алгандардын эң жогорку көрсөткүчү катталды

Автор: Айзада
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
01.07.2020. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баары ооруп айыкмайынча мындан арылбайт окшойбуз. Алладан жардам сурайлы.
01.07.2020. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Соке айтты го карантин киргизген бизге зарыл эмес деп. Кунуго 20-30адамдан вирус аныкталып жатканда карантин киргизип Эми 400дон ашып жатса зарыл эмес дейт.
01.07.2020. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
nazarmat92,карантин киргизсем мени кубалап чыгышат деп оз креслосун ойлоп атса керек
01.07.2020. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аллахым өзү сактасын! Карантинге жаппайбы?! Элдер кырылып калмайынча карап отура беришеби, карантин зарыл эмес деп? Уже ооруканаларга батпай жатат дейт, короновирустан өлгөндөрдүн саны көбөйүп жатат, шаарда жүрүү кооптуу болуп жатат! Текшерүү жок, элдер ооруп жатса деле көчөдө басып жүрүшөт, мен түшүнөм, элге жумуш керек акча тапканга, бирок ден соолук болсо акча табылат, нгеизги маселе ден соолукта болуу....
01.07.2020. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Карона вирус жокто жашырып жатат бийлик деп чыктыңар,вирус келсе алдап атат деп дагы чыктыңар.Ээми ишенбей атып көбөйтүп ийдиңер .Өзү өтө эле аша чаап кеттик
01.07.2020. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Жараткан Тенирим кыргыз элиме ден соолук берсин. Элим Жараткан Тенириден бата тилеп, сак бололук.
01.07.2020. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Вирус жок деп ишенбей жаткандар, каяка бекинип калдыңар. Жазбай калдыңар го. Ошоло тоготпой жүргөндөрдүн айынан ушинтип көбөйдү.
01.07.2020. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошто тест жок болгону үчүн аз чыгып атат. Ошто тест жооок.
01.07.2020. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Элдер моюнга алалы куноо озубуздо да бар, кенебегендин айынан вирус ар бир уй булого кирип келе баштады
dair_17 түзөттү 2020-07-01 14:02:25
01.07.2020. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
33 миллион калктуу Озбекстанда 24 адам вирустан кайтыш болсо, 6 млн Кыргызстанда 62 болду. Контролду колдон чыгарып алышты, бир сыйра ооруйбуз деп кутпостон карантин строго болуш керек! Жапжаш кучко толгон эркектер которо албай калышып атыптыр. Вирусту бир бар, бир жок деп баш айланткандар эл душмандары!
01.07.2020. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баткен обл кайсыл районунда ошону да жазгылачы
01.07.2020. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Вирус жок кезде 2ай карантин вирус келген кезде маска жок журобуз даже,118 олсон да албайт чалсан... Бийликке ушул керек беле же керек эле(би)...???
02.07.2020. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жуда ашырып салган эмессинерби 439 деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: