super.kg logo

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал: Жаракат алган америкалык аскерлердин саны аталды 

 
АКШ менен Израилдин Иранга жасаган аскердик чабуулдарынан 290го жакын америкалык аскер кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу CNN телеканалы АКШнын Борбордук командачылыгынын өкүлүнө таянып билдирди.
Анда кабарлангандай, 290 кызматкердин ичинен 255и кызматына кайтып келген. Дагы 10 аскердин абалы оор бойдон калууда.
Акыркы маалыматтарга ылайык, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдарда 13 америкалык аскер кызматкери курман болгон.

Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга кол салып, буга жооп катары Иран Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урууда. Жаңжалдын алгачкы жумасында аба соккусунан Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болгон. Ушул күндөргө чейин уланган чабуулдардын кесепетинен миңдеген имараттар талкаланып, жүздөгөн адамдар каза болду.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: