super.kg logo

Түркияда мектептеги атышуу: 9 адам каза болуп, 13ү жаракат алды

 

Түркиянын түштүк-чыгышындагы Кахраманмараш шаарында орто мектепте болгон куралдуу кол салуу коомчулукту дүрбөлөңгө салды. 15-апрелде болгон бул окуяда мектеп окуучусу ок атуучу курал колдонуп, натыйжада кеминде тогуз адам - бир мугалим жана сегиз окуучу каза болду. Мындан тышкары, 13 адам ар кандай жаракаттарды алды.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына таянып басылмалар жазышкандай, кол салган окуучу мектептеги эки класска ок чыгарган. Окуя учурунда ал өзү да каза болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуучу мектепке атасына таандык беш даана ок атуучу курал жана жети ок салгыч менен келген. Анын атасы мурда полиция кызматкери болуп иштеп, кийин пенсияга чыккан. Учурда бул окуянын себептери белгисиз бойдон калууда жана тиешелүү органдар тергөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Бул акыркы эки күн ичиндеги Түркиядагы мектептеги экинчи ок атуу болуп калды. Бир күн мурда, 14-апрелде Сиверек шаарындагы кесиптик лицейде дагы ок атышуу катталып, анда 16 адам жаракат алган. Ал окуяда кол салган адам - 2007-жылы туулган, ошол эле окуу жайдын мурдагы окуучусу болгон. Полиция аны кармоого аракет кылган учурда ал өз жанын кыйган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: