Дональд Трамп Тайванды коргоо боюнча суроого так жооп берген жок
Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында журналисттер Дональд Трамптан “зарыл болсо АКШ Тайванды коргойбу?” деп сурашты. Бирок ал бул суроого түз жооп берүүдөн баш тартты.
“Мен муну айткым келбейт. Мен муну айтпайм. Бул суроонун жообун бир эле адам билет. Ким экенин билесиңерби? Ал – мен”, - деди Трамп.
13-15-май күндөрү Трамп Кытай өлкөсүнө мамлекеттик сапар менен барып, Кытай лидери Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Белгилей кетсек, Тайвань маселеси Кытай менен АКШ ортосундагы эң курч темалардын бири бойдон калууда. Пекин Тайванды Кытайдын ажырагыс бөлүгү деп эсептейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















