100 батир алган кызматкерлер Турсынгали Алагузовго чапан жаап, ат белек кылышты

Алматы шаарында өткөн жылы 100 батир алган GALANZ bottlers компаниясынын кызматкерлери жаңы конуш майрамын белгилешти. Бул тууралуу компаниянын өкүлдөрү билдиришкенин жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Жолугушууга компаниянын негиздөөчүсү Турсынгали Алагузов жубайы менен келип, жамаатты жеке куттуктады. Иш-чаранын алкагында дасторкон жайылып, концерттик программа жана балдар үчүн көңүл ачуучу оюндар уюштурулган.

Кызматкерлер батирдин ачкычы тапшырылган күндөгү эмоцияларын эстеп, Турсынгали Алагузовго ыраазычылык билдиришкен. Жамаат ишкерге урмат-сыйдын жана ыраазычылыктын белгиси катары чапан жаап, күлүк ат белек кылган.
Компания белгилегендей, көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн жеке батир көп жылдан берки кыялдын орундалышы болгон. Алардын бири — GALANZ bottlers ишканасында 20 жылдан ашык убакыттан бери эмгектенген оператор Асем Эрденбекова. Ал ушул убакка чейин уулун жалгыз тарбиялап, батирден батирге көчүп жашап келгенин айткан.


“Кыймылсыз мүлктүн баасы кескин кымбаттагандан кийин өзүбүздүн үйүбүз болот деп деле ойлобой калганбыз”, — деген ал.
GALANZ bottlers компаниясы кызматкерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө кам көрүү башкы багыттардын бири экенин белгиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















