Бишкектеги таштанды заводунун экинчи этабынын курулушуна мезгил кутучасы салынды
Бишкекте катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетип, электр энергиясын өндүрүүчү эко-технологиялык заводдун экинчи этабынын курулушуна мезгил кутусу салынды.
Мэрия билдиргендей, долбоордун алкагында суткасына 2000 тонна таштандыны кайра иштетүүчү жаңы блок 60 мегаватт кубаттуулуктагы энергетикалык комплекс курулат. Ишкана толук ишке киргенден кийин жылына саатына 307 миллион киловатт электр энергиясын өндүрүп, 100 миңдей үйдү жарык менен камсыздай алат.
Долбоор шаардын экологиялык абалын жакшыртып, таштанды полигонуна болгон жүктү азайтып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөрү маалыматта кошумчаланды.
Аземге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Кытайдын элчиси Лю Цзянпин, курулушту ишке ашырып жаткан компаниянын директору Дай Даого жана башкалар катышты.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















