super.kg logo

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун ачылыш аземинен ирмемдер

 

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу башталды. Бул чемпиондук тарыхтагы эң масштабдуу биринчилик болуп, алгачкы жолу үч өлкө АКШ, Мексика жана Канада биргелешип өткөрүүдө. Ачылыш аземи Мексиканын борбору Мехико шаарындагы "Ацтека" стадионунда болду.

Аземде мексикалык-америкалык актриса Сальма Хайек ачылыш сөзүн сүйлөдү. Болжол менен 87 миң 500 көрүүчүнү батырган "Ацтека" тарыхта үчүнчү жолу Дүйнө чемпиондугунун ачылыш беттешин өткөргөн биринчи стадион болуп калды. Аренада 1970 жана 1986-жылдары да өткөн.

Музыкалык шоудо төртүнчү жолу Дүйнөлүк кубокко катышып жаткан колумбиялык ырчы Шакира жана нигериялык ырчы Бурна Бой 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугун расмий гимни "Dai Dai" ырын аткарышты.

Ачылыш аземи үч күнгө созулат. Экинчи бөлүгү 12-июнда Канаданын Торонто шаарындагы "БМО Филд" стадионунда, ал эми үчүнчү бөлүгү 13-июнда АКШнын Лос-Анжелес шаарындагы "Соу‑Фай" стадионунда өтөт.






Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун ачылыш аземинен ирмемдер

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: