super.kg logo
  Саясат  

Ынтымак-Ордодо Кыргызстан-Грузия кызматташтагы талкууланды

 

Ынтымак-Ордодо бүгүн, 12-июнда президент Садыр Жапаров менен Грузиянын өкмөт башчысы Иракли Кобахидзенин сүйлөшүүлөрү өтүп жатат.

Өлкө башчы эки өлкө дипломатиялык мамиле түзгөнүнө 34 жыл болгонуна карабай Грузия тараптын Кыргызстанга биринчи расмий сапары болгонун белгиледи. Президент ошондой эле жолугушууда эки мамлекеттин кызматташтыгын кеңири таалкуулап, актуалдуу эл аралык маселелер боюнча сүйлөшүүлөр болорун белгиледи.

Кобахидзе эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташтыгы улана турганына ишенимин билдирди.

“Бул сапарды жаңы кадам, жаңы мүмкүнчүлүк деп кабыл алабыз. Мындан аркы кызматташтыкка кызыктарбыз”,- деди Грузиянын өкмөт башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: