Өлкөдө жарандардын негативдүү насыялык маалыматы 2 жыл сакталат
Улуттук банк өлкө аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизип жатат. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Документке ылайык, эми негативдүү насыялык маалыматты архивдик сактоо мөөнөтү 2 жылга кыскартылат. Буга чейин бул мөөнөт 5 жыл болчу. Ал эми позитивдүү насыялык маалыматты сактоо мөөнөтү 5 жылды түзмөкчү. Мурун бул 7 жыл болгон.
Токтом расмий жарыялангандан 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2026-06-11
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















