super.kg logo

Медер Абакиров: “Борбордук Азия ШКУдагы ишеним жана кызматташтыктын негизги мейкиндиги”

 

12-июнда Душанбе шаарында өткөн «Борбордук Азия – ШКУнун өзөгү: тынчтык жана биргелешкен өнүгүү мейкиндиги» аттуу конференцияга Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров катышты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын алкагында катышуучулар Борбордук Азиянын Шанхай кызматташтык уюмундагы ролун күчөтүү, аймактагы тынчтыкты жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоо, ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Өз сөзүндө Медер Абакиров Борбордук Азия ШКУнун өнүгүшүндө өзгөчө орунду ээлеп, ишенимдин, коңшулук мамиленин жана өз ара пайдалуу кызматташуунун маанилүү аянтчасы болуп келгенин белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгына көңүл бурулуп, анын «ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай бирге» деген ураан алдында өтүп жатканы айтылды.

Кыргызстан төрагалык мезгилинде уюмдун потенциалын чыңдоого жана анын күн тартибин конкреттүү демилгелер менен толуктоого өзгөчө маани берери белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: