Трамп: “Иран жарыялаган келишим шарттары чындыкка дал келбейт”
АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын маалымат каражаттары жарыялаган АКШ менен түзүлгөн делген келишимдин шарттары чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Буга чейин ирандык маалымат агенттиги Mehr News Agency АКШ менен жаңжалды жөнгө салууга багытталган 14 пункттан турган меморандумдун долбоорун жарыялаган. Документте согуштук аракеттерди токтотуу, айрым санкцияларды алып салуу, Ирандын тоңдурулган активдеринин бир бөлүгүн бошотуу, АКШнын өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөө кепилдиги жана өзөктүк маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү каралган.
Бирок Трамп бул маалыматтарды четке кагып, жарыяланган шарттардын Вашингтон менен Тегерандын ортосунда жазуу жүзүндө макулдашылган шарттарга эч кандай тиешеси жок экенин айтты.
“Иран жалган маалымат каражаттары аркылуу жарыялаган шарттар жазуу жүзүндө макулдашылган шарттарга эч кандай окшошпойт. Алардын айткандарынын чындыкка тиешеси жок”, - деп жазды Трамп өзүнүн Truth Social баракчасында.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















