Путин БУУнун ишине баа берди
Орусиянын президенти Владимир Путин ШКУ+ форматындагы жолугушууда БУУнун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн күч-аракет жумшоого чакырды.
Анын айтымында, БУУнун потенциалы толук ачыла элек. Уюмдун органдарындагы, анын ичинде Коопсуздук кеңешиндеги өкүлчүлүктү Глобалдык Түштүк жана Чыгыш өлкөлөрүнүн эсебинен кеңейтүү зарыл.
“БУУнун потенциалы толук ачыла элек. Уюмду өзгөрүп жаткан шарттарга, дүйнөлүк саясаттагы жана экономикадагы түп-тамырынан бери болуп жаткан өзгөрүүлөргө ылайыкташтыруу үчүн күч-аракет жумшоо маанилүү”,- деди Путин.
Орусияны БУУнун ишинин айрым аспектилери толук канааттандырбай турганын белгилеген Путин бул абал дайыма эле болуп келгенин айтты. Ошол эле учурда БУУ кызыкчылыктарды макулдаштыруунун негизги механизми, ал эми анын Уставы эл аралык укуктун негизги булагы бойдон калууга тийиш экенин баса белгиледи.
“БУУга дүйнөлүк иштерде борбордук роль таандык жана келечекте да таандык болушу керек”,- деди Орусиянын президенти.
Белгилей кетсек, Шанхай кызматташтык уюмунун саммити Бишкекте өтүп жатат. Путиндин жалпы тогуз эки тараптуу жолугушуусу пландалган. Алардын төртөө кечээ өтүп, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Өзбекстандын жана Казакстандын президенттери менен жолугушуулар болгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















