super.kg logo

Кыргыз өкмөтү үч реформаны ишке ашырганын жарыялады

 

Бүгүн, 8-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Ынтымак Ордодо" аппараттык кеңешме өткөрдү. Анда "Өкмөттүк акселераторлор" аттуу 100 күндүк программанын алкагында ишке ашырылган үч реформанын жыйынтыгы чыгарылганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, үч реформа быйыл 18-майда социалдык-экономикалык маселелерди чечүү үчүн демилгеленген. Биринчи реформа эмгек мигранттарынын мамлекеттик пенсиялык камсыздандырууга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. Ал аткарылган. Эми чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар өзүнүн пенсиялык укуктарын түзө алышат.

Кийинки реформа окуучулардын алдын алуу медициналык кароосун жана ооруга чалдыгууну эсепке алууну санариптештирүүгө багытталган. Анын натыйжасында 095/у формасындагы медициналык маалымкат жана 026/у формасындагы алдын алуу медициналык кароонун картасы электрондук форматта жүргүзүлмөкчү.

Үчүнчү реформа медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүккө лицензия берүү процессин жөнөкөйлөтүү болгон. Эми Кыргызстандын каалаган аймагындагы ишкерлер онлайн арыз, зарыл документтерди тапшырып, мамлекеттик кызмат үчүн төлөм жүргүзүп, арызын кароонун жүрүшүн Саламаттык сактоо министрлигине барбастан эле көзөмөлдөй алышат. Ошондой эле лицензия берүү мөөнөтү 30 күндөн 6–15 күнгө чейин кыскарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: