Кыргызстан төө буурчакты Пакистанга экспорттоону көздөөдө
Кечээ, 8-сентябрда айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Алтамаш Вазир Ханды кабыл алды.
Эки тараптуу сүйлөшүүдө негизинен Кыргызстанда өндүрүлгөн төө буурчакты Пакистанга экспорттоо маселеси талкууланды.
Анда кыргызстандык өндүрүүчүлөр менен пакистандык импорттоочулардын ортосунда түз байланыштарды түзүү, эки тараптуу соода көргөзмөлөрүн уюштуруу менен ага катышуу, ошондой эле жеткирүүнүн конкреттүү көлөмдөрүн жана шарттарын иштеп чыгуу маселелери каралды.
Статистикалык көрсөткүчтөргө ылайык, төө буурчактын жылдык экспорттук потенциалы 50 миң тоннадан ашат. Алсак, кыргыз төө буурчагы чет өлкөлүк базарларда туруктуу суроо-талапка ээ болуп, 2025-жылы экспорттун жалпы наркы 67 миллион долларды түзгөн.
Белгилей кетсек, тараптар жакынкы эки жылдын ичинде өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн 200 миллион долларга чейин жеткирүүнү көздөп жатышат. Бул максатка жетүү үчүн Пакистан рыногуна кыргыз айыл чарба продуктуларын жеткирүү иштерин азыртадан жүргүзүп, биргелешкен аракеттерди баштоо макулдашылды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















