Кыргызстан француз парламентарийлерине тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча демилгелерин тааныштырды
Кыргызстандын Президентинин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Франциянын Улуттук ассамблеясынын «Франция – Борбор Азия» достук тобунун төрайымы Катрин Эрвьё баштаган делегация менен жолугушту.
Президенттик администрациядан билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Францияны тоолуу экосистемалар жана окшош көйгөйлөр бириктирери белгиленип, Кыргызстандын тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө багытталган негизги демилгелери тааныштырылды.
Алардын арасында:
* тоолуу өлкөлөрдүн коалициясын түзүү;
* Тоолуу шаарлар ассоциациясын түзүү;
* тоолуу өлкөлөрдүн климаттык каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү;
* тоолуу аймактарда өндүрүлгөн продукцияны бренддөө демилгелери бар.
Ошондой эле мөңгүлөрдүн эриши жана анын Борбор Азияга тийгизген кесепеттери талкууланып, экотуризмди жана геопарктарды өнүктүрүү, жергиликтүү жамааттарды колдоо боюнча тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгү айтылды.
Франция тарап Тоолуу шаарлар ассоциациясын түзүү демилгесине кызыгуусун билдирип, француз шаарлары жана муниципалитеттеринин ага катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экенин билдирди.
Мындан тышкары, тараптар «Бишкек+25» саммитине даярдык көрүү жана аны өткөрүүгө Франциянын активдүү катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















