super.kg logo

Казакстан күйүүчү майды экспорттоого киргизилген тыюуну дагы 6 айга узартты

 

Казакстанда күйүүчү май, дизель майын жана мунайзаттын айрым түрлөрүн унаа менен экспорттоого киргизилген тыюу дагы алты айга узартылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Казакстандын энергетика министри Ерлан Аккенженов кол койгон буйрукка ылайык, чектөө 2026-жылдын 22-ноябрынан 2027-жылдын 22-майына чейин күчүндө болот.

Тыюуда төмөнкү учурлар өзгөчө каралган:

  • Күйүүчү-майлоочу майлардын айрым түрлөрүн экспорттоого;
  • Унаалардын өз бактарындагы күйүүчү майды суткасына бир жолудан ашык эмес алып чыгууга;
  • Тиешелүү мамлекеттик орган менен макулдашылып, зарыл документтери болгон учурда изилдөө жана сыноо иштерине арналган авиациялык күйүүчү майды экспорттоого;
  • Өкмөттүн чечими менен гуманитардык жардам катары берилүүчү мунайзаттарды чыгарууга уруксат берилет.

Мындан тышкары, айрым мунайзаттарды темир жол аркылуу экспорттоого да чектөө киргизилди.

Ошондой эле 2027-жылдын 1-январынан 30-июнуна чейин жеңил дистилляттарды, авиациялык керосинди, дизель майын жана мунай битумун Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары чыгарууга тыюу салынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: