Кыргызстанда Беларусь тракторлорун чыгаруучу завод куруу пландалууда
Өлкөдө Беларусь тракторлорун жыйноо жана өндүрүүчү завод куруу маселеси каралууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул маселе 9-ноябрда айыл чарба министри Эрлист Акунбековдун Беларуска болгон сапарында Минск трактор заводунда каралган.
Эрлист Акунбеков Кыргызстанда машина-трактор паркын жаңылоо жана дыйкандарды жеткиликтүү техника менен камсыздоо артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, жергиликтүү өндүрүш техниканын өздүк наркын жана жеткирүү чыгымдарын төмөндөтүүгө шарт түзөрүн айтты.
Акыркы 5 жылда лизинг аркылуу дыйкандарга 36,8 миллиард сомдук 13 миңден ашык айыл чарба техникасы берилген.
Мындан тышкары, "Белнефтехим" концерни жана "Ждановичи" агрокомбинаты менен кызматташуу маселелери талкууланган.
Ошондой эле кечээ, 10-ноябрда өткөн Кыргызстандын жана Беларустун аймактар аралык биринчи форумунун жыйынтыгында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтыкты камтыган 6 документке кол коюлган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















