Жогорку Кеңеш менен Конрад Аденауэр фондунун кызматташтыгы бекемделет
Бүгүн, 11-ноябрда, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы баштаган депутаттар Конрад Аденауэр атындагы фонддун Борбордук Азиядагы аймактык өкүлчүлүгүнүн директору Андре Альгермиссен менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууга депутаттар Табылды Муратбеков жана Нилуфар Алимжанова да катышты.
Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты жана Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Жаштар кеңеши менен фонддун ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Жыйынтыгында Жаштар кеңеши менен Конрад Аденауэр атындагы фонддун ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:10
2026-11-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















