Ошто мэрдин тургундар менен жолугушуулары уланууда
Бүгүн, 11-ноябрда, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолугушту.
Мэриядан билдиришкендей, жолугушууда тургундар коомдук тартипти сактоо, ички жолдорду асфальттоо, жол тыгындарын азайтуу, ипотекалык турак жай менен камсыздоо, саркынды суулар системасын жөнгө салуу жана эскирген суу түтүктөрүн алмаштыруу маселелерин көтөрүштү.
Ошондой эле жер маселелери, коммуналдык кызматтардын иши, бала бакчанын имаратын бошотуу, үйлөрдүн жер төлөлөрүн оңдоо жана социалдык колдоо көрсөтүү боюнча кайрылуулар айтылды.
Мэр ар бир кайрылууну угуп, маселелердин айрымдары менен жеринен таанышарын билдирди. Ошондой эле кийинки жылы кичи райондорду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.
Жыйынтыгында тиешелүү кызматтардын жетекчилерине көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча тапшырмалар берилип, алардын аткарылышын көзөмөлдөө милдеттендирилди.
Белгилей кетсек, мэрдин шаар тургундары менен ачык жолугушуулары 13-ноябрга чейин уланат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















