Бишкекте “Борбордук Азия - Кытай” форматында эки документке кол коюлду
Бүгүн, 11-ноябрда, Бишкекте өткөн “Борбордук Азия – Кытай” форматындагы алты өлкөнүн курулуш министрлеринин экинчи жолугушуусунда эки жыйынтыктоочу документке кол коюлду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын бири — курулуш министрлеринин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү болсо, экинчиси — 2027-2028-жылдарга карата курулуш тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы.
Жолугушууга Кытай, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышты. Анда Пекин демилгесинин аткарылышы, буга чейин жетишилген жыйынтыктар жана мындан аркы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары талкууланды.
Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын курулуш министри Нурдан Орунтаев Кытай, Өзбекстан жана Тажикстандын тиешелүү тармактагы жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Кол коюлган документтер аймак өлкөлөрүнүн курулуш тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















