Сасык тумоо күч алган маалда ооруканаларга тапшырмалар берилди
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жана Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына барып, мезгилдик оорулардын көбөйүшүнө байланыштуу медициналык мекемелердин иши менен таанышты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Анда бейтаптарды кабыл алуу, ооруканага жаткыруу шарттары, дарылоо жана диагностикалык иштердин уюштурулушу, ошондой эле бейтаптардын саны көбөйгөн учурда ооруканалардын даярдыгы каралды. Маалыматка ылайык, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында бейтаптарды кабыл алуу жана дарылоо үчүн 300 орундуу 8 бөлүм ачылган. Ал эми Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында 50 орун даярдалган.
Маматканов реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнүн ишине, медициналык кызматкерлердин жетиштүүлүгүнө, жабдууларга жана дары-дармектердин запасына өзгөчө көңүл бурду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















