Жапаров менен Путиндин эки тараптуу жолугушуусу өтөт
Орусиянын президенти Владимир Путин 11-ноябрдын кечинде президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргендигин орус басылмалары жазды.
Анын айтымында, жолугушуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Москвада өтүп жаткан саммитинин негизги программасы аяктагандан кийин болот.
Саммиттин алкагында мамлекет башчыларынын жалпы сүрөткө түшүүсү, ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындары өтүп, жыйынтыктоочу документтерге кол коюлат.
Мындан соң Владимир Путин ЖККУга мүчө мамлекеттердин лидерлерине түшкү тамак уюштурат. ЖККУ саммити Орусиянын төрагалыгы алдында өтүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:10
2026-11-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















