super.kg logo

22 жаштагы Шахида Аманбаева 3,5 жылдан бери абакта соттун өкүмүн күтүп келет

 
Рысбек Адамалиев, “Кылым шамы” адам укугун коргоо борборунун кызматкери
Күмүшбек Ыбыкеев, Шахида Аманбаеванын жактоочусу
Нургүл Аманбаева, Шахида Аманбаеванын апасы
Шахида Аманбаева 2010-жылдын 12-декабрында окуя болгон жерде көрсөтмө берип жаткан учуру.
2010-жылдын 6-апрелине караган түнү болгон адам өлтүрүү фактысы ушул жерде катталган.
Шахиданын 2010-жылдын 29-сентябрында "паспорт алам" деп түшкөн сүрөтү
Шахида Аманбаева 3,5 жылдан бери абакта соттун өкүмүн күтүп жатып баса албай, сүйлөй албай калган.
Шахиданын күндөлүгүнөн
Шахида Аманбаева 2010-жылдын 12-декабрында тергөөчүнүн бөлмөсүндө көрсөтмө берип жаткан учуру.
Шахида Аманбаева 3,5 жылдан бери абакта соттун өкүмүн күтүп жатып баса албай, сүйлөй албай калган.

Шахида Аманбаева 22 жашта. Ал 2010-жылдын 10-декабрында "адам өлтүрүү фактысына катыштыгы бар" делип камакка алынган. Ошондон бери соттун өкүмүн күтүп келет. Учурда ал жакшы сүйлөй албай, баса албай калган. Төмөндө маселенин чоо-жайын иликтөөгө аракет кылып көрдүк.

Эске сала кетсек, 2010-жылдын 6-апрель күнү эртең менен Токмок шаарынын 1-кичи районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Рабига Жумабаеванын жансыз денеси табылган. Бул адам өлтүрүү фактысына шектүү делинип 1988-жылы туулган Урмат Аскеев, 1990-жылы туулган Алишер Жумашев, 1992-жылы туулган Шахида Аманбаева кармалган.

Рысбек Адамалиев, “Кылым шамы” адам укугун коргоо борборунун кызматкери:

- 2011-жылы Шахиданын апасы “укуктук жактан жардам бериңиздер” деп бизге кайрылган. Анда ал кызынын милиция кызматкерлери тарабынан кыйноолорго, зомбулукка учураганын айткан. Биз Шахиданы 2013-жылдын июнь айында №1-СИЗОдо мониторинг жүргүзүп жатканда жолуктурдук. Ошондо ал өзү тууралуу айтып берип, өзүн жакшы эле сезип жаткан. Бирок 2014-жылдын 14-май күнү №1-СИЗОго барганыбызда аны баспай, жакшы сүйлөй албай калган абалда көрдүк.

Күмүшбек Ыбыкеев, Шахида Аманбаеванын жактоочусу:

- Иш начар, чала, сапатсыз тергелген. Мындан улам соттор бир чечим кабыл ала албай жатышат. Өлүктү кароо учурунда каталар абдан көп кеткен. Алсак, өлүктүн жанына Шахиданын плащынын лентасын коюп коюшкан. Муну “каза болгон Рабига аттуу кыз менен кармашканда жулунуп калган” деп жатышат. Бул тергөөнүн версиясы. Бирок ал күнү Аманбаева плащ кийип жүргөн эмес. Каза болгон кыздын апасынын айтымында, кыздын кийиминин чөнтөгүнөн ачкыч, 9 сом жана бет аарчы табылган. Тергөөчүнүн тарткан сүрөтүндө аталган буюмдар, плащтын лентасы колунун жанында турат. Бул жерде соттор анча-мынча коркоктук кылып жатышат. Төрт судьянын арасынан мага айткандары да болду, “күнөөсү жок, бирок кечирип кой” деп. 3 жылдан кийин Токмок шаардык соту актап, "күнөөсү жок" деп чечим чыгарып берди. Бирок буга жабырлануучунун атасы “каршымын, макул эмесмин” деп апелляциялык даттануу жазды. Кечээ, 20-майда ошол арызды Чүй облустук соту карады. Мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчү менен сот отуруму 27-майга жылды. Бул сот жакшы чечим чыгарат деп үмүттөнүп жатабыз.

Нургүл Аманбаева, Шахида Аманбаеванын апасы:

- 2010-жылдын 10-декабрь күнү үйдө болчубуз. Анан 15ке жакын милиция кызматкери келип, “Рабиганын телефонун таптык, ошонун распечаткасын карап берсең” деп Шахидага айтышты. Анан биз Токмок шаардык ички иштер башкармалыгына келдик. Ал жактан кызымды бир бөлмөгө алып кирип кетишти. Мен коридордо күтүп турдум. Тергөөчүдөн кызымды бүгүн камабай эле коюшун сурандым, бирок алар болбой коюшту. Анан мен кетип калдым. Кызымдын айтымында, аны 5 саатка жакын кыйнашыптыр. Чачынан сүйрөп, сабап, колун артына байлап, башына пакет кийгизишкен. Анда да кызым алардын айтканына көнгөн эмес. Анан алар “апаңды сенин жаныңа отургузабыз, ошондо бөлөкчө ырдайсың” дешиптир. Кызым "Кандайча?" десе, “Азыр сенин үйүңө эки опер барат. Бирөө дааратканага кирип, суу ичимиш болуп баңгизатын ыргытып коёт. Кийин алардын артынан башкалар барышат. Анан апаң экөөңөр ушул жерде отурасыңар” деген. Шахида ошондон коркуп, алардын айтканына көнгөн.

Шахиданын 2010-жылдын 12-декабрында тергөө учурунда сүйлөгөн сөзү:

“Мен бурулуп караганда анын жерде жатканын көрдүм. Адилет “ары кет, ал азыр аны өлтүрөт” деп айтты. Анан таш менен ургулай баштады. Адилет келип Урматты токтотту. Мен Адилет менен кеттим. Алар ошол жерде калышкан. Адилетке айттым, “ал азыр аны өлтүрөт” деп”.

Ал эми “Кылым шамы” адам укугун коргоо борборунун кызматкери Рысбек Адамалиев жана Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор тарабынан 2014-жылдын 15-майында тартылып алынган тасмада Шахида төмөндөгүлөрдү айткан:

“Мен мага коюлган күнөөнү мойнума албаган соң, алар мага “апаңды ойлон”, “Апаңдын сенин жаныңда отурушун каалайсыңбы?” дешти. “Кандай негизде апам менин жаныма отурат?” десем, алар “Үйүңө барабыз да, керектүү нерсени ыргытып коёбуз, анан апаң жаныңда болот” деп айтышты. Мен аргасыз алардын айтканына макул болдум”.

Ак ийилет, бирок сынбайт. Чындык ким тарапта болсо, ал сөзсүз утуп чыгат. 27-май күнү боло турган сот отурумунда судьялар адилет чечим чыгарат деген үмүттөбүз.

 
Бул окуя боюнча экинчи тараптын, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Рабига Жумабаеванын жакындары менен байланышууга аракет жасадык. Бирок, тилекке каршы, алар менен байланыша алган жокпуз. Редакция экинчи тарап менен байланышары менен алардын да пикирин чыгарат.   





Соттун өкүмүн күтүп баса албай, сүйлөй албай калган Шахиданын абалы

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(75)
22.05.2014. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
видеосун корсонор кызды боорунар ооруйт (((
22.05.2014. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mandalak, Кайдан көрсөк болот?
23.05.2014. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Jyrgal_msk, Саламатсызбы!
Видеоверсиясы кабарды төмөн жагында илинүү же төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп көрө аласыз: http://www.super.kg/media/stv/119983/
22.05.2014. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыздын кылмышка катыштыгы болуп жатат. Бир Кудай билет. Жыйынтыгын куто турабыз. Но девушку всё равно надо реабилитировать.
22.05.2014. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
оой ХХХ кызды да ушундай кыйнайсынарбы
Модератор admin_portal түзөттү 23.05.2014 09:53
SUPER.KG видео
22.05.2014. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
байкуш кыз
SUPER.KG видео
22.05.2014. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш
SUPER.KG видео
22.05.2014. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш кыз десе, чондор нени карап отурушат ушундай жумуштарды карабай?
SUPER.KG видео
23.05.2014. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кудайдан коркушпайбы булар? Гулдой омурду кыйратышыптыр. Мыйзам чегинде баары жоопко тартылышы керек. Супер инфо сураныч бул кыз жонундо маалымат берип турунуздарчы.
SUPER.KG видео
23.05.2014. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акыйкат жооооооок бул жалган дуйнодо только. Кудай таразалайт время будет диктовать.
SUPER.KG видео
23.05.2014. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
эметип,эметип эле дейт да((((
23.05.2014. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХ ХХХ ХХХ... кудайым өзү жазалайт силерди
Модератор admin_portal түзөттү 23.05.2014 09:54
SUPER.KG видео
23.05.2014. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Менты оказали психологическое и физическое давление. В любом случае девушку надо лечить. Менты которые добили допустим " правдивое показание" или " чистосердечное признание" должны получить по заслугам. А чем Шахида занималась на месте происшествия? И где находятся те два парня? За что убили Рабигу?
SUPER.KG видео
23.05.2014. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соттордун чечими сапатсыз болсо анда бул кызды неге кармап олтурат анда эртен олтуруп алышсын анан
SUPER.KG видео
23.05.2014. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
биз билбеген корбогон укпаган дагы мындайдын канчасы бар болду экен.Законду ушунча да сыйлабайбызбы? Олтургону чын болсо мынча болмок эместир. Деги эмне болду экен?
SUPER.KG видео
23.05.2014. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш кыз алардын жазаасын кудайым озу берсин
Модератор admin_superstan түзөттү 23.05.2014 10:05
SUPER.KG видео
23.05.2014. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Опытные следаки на следственном эксперименте определили бы. Допустим Шахида причастна к убийству ну не доводить же до такой степени. В рамках закона надо было действовать.
23.05.2014. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Берки 2бала кайда кетти? алар жонундо да маалымат берип койсонор жакшы болотле. Мумкун 2баланын ата энеси акча м.н кутулуп жатабы? Тушунуксуз.
23.05.2014. 07:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
anjella8888, туура айтасын.
23.05.2014. 05:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХ ХХХ ХХХ... ушул кызды кордобой койсо болмок. Деги адам деген атты унутбагылачы эй милиционерлер. ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 23.05.2014 09:56
SUPER.KG видео
23.05.2014. 06:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ииии боорум он гулунон Бир гулу ачыла эоек кыз оорукчан болуп эх жашоо неге мынча кыйын.жакшы болуп кетсин.
23.05.2014. 06:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХ да.
Модератор admin_portal түзөттү 23.05.2014 09:56
23.05.2014. 07:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
олгон кыз тарап кучтууго чамасы. Акча бергенда,алышкандан кийин уят болбойлу деп эптеп кызды кондурду. Кыйын эле честный болуп кетишкенине караганда.
23.05.2014. 08:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул жерде куноо тергоочулордо болуп атканы белгилуу эле болуп турбайбы.Берки эки бала кайда,же алар эркиндиктеби.Негизи эле биздин милициянерлер оз кызматтарын туура,так алып бара алышпайт. Кылмыштын бетин ача албай калышканда,же алчусун алат дагы бироонун убал сообун билбестен,ар кандай жол м-н кылмышты мойнуна алдырып анан уялбай эле кылмыштын бети ачылды деп жар салат.Бул чындык та туурабы туугандар.
SUPER.KG видео
23.05.2014. 08:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз ишибизди оз убагында так аткарганга качан конобуз дээги
SUPER.KG видео
23.05.2014. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Салянова эмне кылып журотт ушуларды карабай байкуш кызды кыйнап салыпсынаргооо
23.05.2014. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХ ХХХ ХХХ... Аллах силерди да жазаласын Оомин!!!
Модератор admin_portal түзөттү 23.05.2014 09:58
23.05.2014. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гестапа болуп кетишкенго, ХХХ ХХХ ХХХ ошол тергоочулор.
Модератор admin_portal түзөттү 23.05.2014 09:58
23.05.2014. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХ ХХХ ХХХ керек милицияларды.
Модератор admin_portal түзөттү 23.05.2014 09:59
23.05.2014. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Altyn1980, tagokg, AKYBALA, Aksy-13, demo009, baibai71, bekbolot-NOOKAT, chalkan - 3 күнгө БАН!
cherik.08 - эскертүү!
Сайтта жаргон сөздөрдү колдонууга, кимдир-бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат.
yrchy_jigit - 5 күнгө БАН!
Курамы окшош сайттарга шилтеме берүүгө тыюу салынат.
cubich - 3 күнгө БАН!
Провокацияга жол берилбейт!
Модератор admin_portal түзөттү 23.05.2014 10:06
23.05.2014. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_portal, эмнеге андай коментарияларга жол берилбейт?
26.05.2014. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bishkek.kg, Саламатсызбы!
Порталдын негизги эрежелери бар, комментарийлер ошол эрежелердин негизинде гана жазылышы керек.
http://www.super.kg/erejeler
SUPER.KG видео
23.05.2014. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
карапайым адамдар дагы да кыйналып чындыка жете албай сыздап мынтип оорукчан болуп отурушат.кызматы бийик чондун балдары олтуруп,талкалап жатса да корбодук дешет.мына чындык бизде!сот чечимин жыйынтыктап чыгара алышпаса чыгара тургандарга оорун беришпейби байкушту кыйнабай.
23.05.2014. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанда жашагандан коркосун, эки адамдын урушуп жатканын коргондон кудай сактасын, кокус бир нерсе болсо, ары жакта коруп койгон адамды алып барып камап коюшат. Байкуш кыз, апанды бангизат менен карматып туруп камайбыз десе коркуп кеткен го. Ушундай соттордун бизге кереги барбы? Камалчулар эркиндикте журот тайрандап, дагы кылмыш кылса, дагы бир карапайым адамдын баласын какшатып турмого тыгышат. Адилеттуулук жок мамлекетте келечек барбы?
23.05.2014. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
тиги эки жигит кайда? ошолор жонундо маалымат алыныздарчы, сураныч
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: