super.kg logo

Бүгүн бирдиктүү мектеп формасы боюнча сынак жыйынтыкталып, быйылкы окуу жылында кийилүүчү мектеп формасы аныкталды

 
Эльвира Султангазиева баш байгеге коюлган 300 миң сом өлчөмүндөгү каражатка ээ болот.
Эльвира Султангазиеванын эмгеги. 1-4-класстар үчүн, 5-8-класстар үчүн, 9-11-класстар үчүн жана мугалимдер үчүн бирдиктүү мектеп формасы жакынкы окуу жылдарында дал ушундай болот.

Бүгүн, 1-июлда бирдиктүү мектеп формасы боюнча КРнын Билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган сынактын жыйынтыгы чыгарылып, быйылкы окуу жылында кийилүүчү мектеп формасы аныкталды. Финалга чыккан эмгектер эл алдына тартууланып, мыкты эмгектер СМС-добуш берүү жана интернет-сайтта добуш берүү аркылуу тандалып алынган.  

Чакан көргөзмө менен коштолгон сынакка жалпысынан 9 эскиз коюлду. Жыйынтыгында жеңиш ээси болуп Эльвира Султангазиеванын эмгеги табылды. Ал 52 026 добуш топтогон.  

Бирдиктүү мектеп формасы боюнча КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева маалымат булактарына пикирин билдирип жатып, мектеп формасын каалоочулар гана алышарын жана дизайн сунуш катары берилерин билдирген.

"Күзгө чейин ата-энелердин баары сатып алышпаса керек. Бирок 2015-2016-окуу жылында ата-энелердин макулдугу менен бардык окуучулар окшош форма кийип калышат деген үмүттөбүз. Кийимдерди мажбурлап кийгизүү деген болбойт",- деди Сариева.






Окуучулардын мектеп формасы аныкталды

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(79)
01.07.2014. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Быйылкы окуу жылына форма ала беребизби?
01.07.2014. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен каршымын бул дагы бир чиновниктин чонтогуно тушо турган булак,анан калса балан ошол форманы кийиш учун 4 жыл оспой турабы,ошол смс добуш беруудо каршы деген пункт жок,же окмот бекер бере тургансып
01.07.2014. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aika1405, 1 чи класстан 4 чу класска чейин жылда аласыз да мектеп формасын. себеби бала осот. Мындайча айтканда 1чи класстан 11чи класска чейин жылда аласыз мектеп формасын ар бир бала учун.Башта деле болок форманы жылда алып жургонсуз.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: