|
Сөзү : Б. Алыбаевдики
Обону : Р. Абдыкадыровдуку
Жыпар жыт каптап,
Дүйнөнүн жибек жел эзген.
Жүрөгүм чакмак,
Жүлүндөн бери "дүрт" эткен.
Сел болуп аппак,
Нур болуп каптап жазында.
Түшүмө кирдиң,
Түшүмө кирдиң түндө сен.
Ак кайың бүрдөп,
Ажайып аалам тиктесем.
Толкуну түрмөк,
Айдың көл мына издесем.
Токтолбо жүр деп,
Толкунга мин деп шаштырып.
Түшүмө кирдиң,
Түшүмө кирдиң түндө сен.
Ак шумкар шаңшып,
Канатын күүлөп бийиктен.
Көңүлдү тартып,
Кайберен жүргөн бийик бел.
Көл болуп чалкып,
Жыт болуп аңкып алыстан.
Түшүмө кирдиң,
Түшүмө кирдиң түндө сен.
Сөзү : Айгүл Узакованыкы
Обону : Рысбай Абдыкадыровдуку
Өрттөдүм дебе, жаз менен келип жалынга,
Жаныңда турсам жайдары мүнөз көрүнүп.
Сен ала келген көңүлдүн ысык демидир,
Сан ойго бүгүн ээ бербей турсам төгүлүп.
Мезгилди күткөм маанайы күздөй кыялкеч,
Муңайым жанган үмүттөн түзүп бир элес.
Убайым жеген күндөрдү тансам бирпаска,
Мендеги шоктук анчейин жаштык деле эмес.
Келгиндер өтсө көк ирим жээкке таң менен,
Сагынчың төгүп, толкунга бол дейм жан жолдош.
Түйшүктүү өмүр, түндүгүм алыс болбосо,
Мен дагы көлдү сагынган жанмын сага окшош.
Ал мезгил өтүп кетти сезилбестен,
Сүйүшкөн сонун күндөр артта калып.
Ойлонуп ал күндөрдү эстегенде,
Көзүмдүн каректери калат талып.
Ошентип сени күндө эстей берем,
Жүзүңдү күн нуруна салыштырып.
Негедир тагдырыма ыразымын,
Экөөбүздү койгонуна табыштырып.
Сени сүйөмүн,
Сен деп жүрөмүн,
Сен деп күйөмүн, Гүлнара.
Сөзү : Жапаркул Алыбаевдики
Обону : Түгөлбай Казаковдуку
Ал кезекте сен тентек кыз эселек,
Мен да бала сүт оозумдан кетелек.
Жар бооруна экөөлөп,
Орок менен үй куруп,
Жаңы гана үйлөнүп,
Көчүп келдик дечү элек.
Кайырма:
Алтын балалык,
Бизди ойноткон.
Мага билгизбей,
Сүйүүмдү ойготкон.
"Кемпир!" десем, мен колуңдан жетелеп,
"Белим, ий!" деп сен да мага эркелеп.
Чалым байкуш жумуштан,
Чаалыкты деп мени аяп.
Чай кайнаткан күндөрүң,
Али эсимден кетелек.
Кайырма:
Коштошордо коомай кармап колумду,
Сагынба деп санга бөлдүң оюмду.
Жаш күнүмдүн унуткус,
Эстелиги ушул деп.
Карап турдум жалдырап,
Караан үзгөн жолуңду.
Кайырма:
Кош бол, балалык,
Бакыт табарсың.
Өмүр өткөнчө,
Ойдо каларсың...
Сөзү : Т.Эргешовдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Өмүрдө өксүп өткөнүм,
Өзөккө өрттү төккөнүм.
Эзилип жүрөт жүрөгүм да,
Эсиме түшүп өткөнүм.
Ошол түн мага от болуп,
Көзүмө кызыл чок конуп.
Өзүмө өзүм көрүнбөй да,
Баратат окшойм жок болуп.
Өзүмдө жүрүп күнөсүм,
Өзгөрүп кетип мүнөзүң.
Күчөгөн күйүт куйкалап да,
Күнөөлүү болдум мен өзүм.
Сүйүүнүн күчүн белгилеп,
Кеберсип калды бир илеп.
Сен тарап дайым агарат да,
Жарыгы жанып берилеп.
Сөзү : Омор Султановдуку
Обону : Түгөлбай Казаковдуку
Эмненидир мен сага арноом керек,
Көз көрүшүү болбойт го кайрадан бир.
Ал күндөргө кайрадан баргым келет,
Эмненидир мен сага арноом керек.
Кайырма:
Сен кайдасың бул күндө, мен кайдамын?
Боз жоргодой таң ашчу жайдакталдым.
Биз жоголдук, экинчи кайрылбайбыз,
Сен кайдасың бул күндө, мен кайдамын?
Жакшы ыр жазып мен сага арноом керек,
Барбы алдыда кездешүү, эч ким билбейт.
Ошол түндө түбөлүк калгым келет,
Жакшы ыр жазып мен сага арноом керек.
Кайырма:
Сен кайдасың бул күндө, мен кайдамын?
Боз жоргодой таң ашчу жайдакталдым.
Биз жоголдук, экинчи кайрылбайбыз,
Сен кайдасың бул күндө, мен кайдамын?
Өзүмдү-өзүм мен эми алдоом керек,
Качандыр бир кездерде жолугам деп.
Ушул ырды жакшы деп арноом керек,
Өзүмдү-өзүм ошентип алдоом керек.
Кайырма:
Сен кайдасың бул күндө, мен кайдамын?
Боз жоргодой таң ашчу жайдакталдым.
Биз жоголдук экинчи кайрылбайбыз,
Сен кайдасың бул күндө, мен кайдамын?
Сөзү : Шербет Келдибекованыкы
Обону : Түгөлбай Казаковдуку
Турам тыңшап селейип үн катпастан,
Дирилдеткен кусалык добушуңду.
Чертким келди менин да ушул күүнү,
Бирок корком албаймын комузумду.
Кайырма:
Жок, жок менин уккум келет башкача үндү,
Жазгырбас жарыгына ишеничтүү.
Жок, жок менин сезгим келет дүйнөдөгү,
Сагынычтын саргайбас албуут күчүн.
Коштоор элем мукамдуу батына албайм,
Үнсүз, тилсиз кысылат эт жүрөгүм.
Кимсиң деги бейтааныш күндүр – түндүр,
Сагынычтан, кусадан алсыраган.
Кайырма:
Ылдам, ылдам, ылдам,
Поезд жүрүп барат.
Сизге болгон сүйүүм,
Кайра күчөп барат.
Эстеймин ошол түндү,
Поездге бирге барган.
Жиби жок өзүңүзгө,
Билдирбей байлап алган.
Улгайган жашын билем,
Уланды сүйүү деген.
Киргенче купеңизге,
Каткырып күлкү менен.
Кайырма:
Коңшулаш купедеги,
Бейтааныш сизди күтөм.
Чыкпайсыз түн ортосу,
Аны мен жакшы билем.
Айта албай саламымды,
Таанышпай каламынбы?
Кара көз карындашым,
Көрсөтчү карааныңды.
Кайырма:
Ал жерде көпкө күткөм,
Махабат көлгө чөккөм.
Айтылбас бул сырларым,
Ыр болуп канат бүткөн.
Жалжал көз карындашым,
Кош эми жаздын деми.
Эстей жүр ырдаганда,
Сүйгөнүн агаң сенин.
Кайырма:
Сагынамын, бир өзүңдү сагынамын,
Жалынамын, жаратканга жалынамын.
Үмүтүмдү үзө албай кыйналамын,
Сагынсам да, жалынсам да,
Келбесиңди билем, билем сагынарым.
Билем, билем келбейсиң сен,
Билем, билем муздаттың.
Кучагыма жылыта албайм,
Эми кантем, эми кантем?.
Агыламын, топон суудай агыламын,
Багынамын, жазлычыңа багынамын.
Жүрөгүмдү башкара албай кыйналамын,
Агылсам да, агылсам да,
Келбесиңди билем, билем сагынарым.
Обону :
Бала чак, бала курак,
Жылаңач, жылаңаяк,
Сен калдың өскөн айлымда.
Эртеден кечке чуркап,
Оюнга оюн улап,
Жүргөнсүң дале жанымда.
Бала чак, бала курак,
Өтөсүң көздөн чубап.
Билсең да эмне дээримди,
Сыдырым желдей сылап.
Сыйкырлап колуң булгап,
Козгодуң таза сезимди.
Кайырма:
Бала чак, бала чагым, балдай таттуу убагым,
Элесиңден эми чеп курамын.
Бала чак, бала чагым, балдай таттуу убагым,
Эми сени балдарыма сунамын.
Ак зымдан мылтык бурап,
Топурак сууга кулап.
Тойбодук сенин жытыңа,
Оюндан чындык курап.
Бир ырдап, бирде ыйлап,
Кызыкчу элек турмушка.
Бала чак, бала курак,
Тамчыдай элес кулап.
Көңүлдүн гүлүн кулпуртат,
Убакыт октой сызат.
Кетсем да жаш кубалап,
Кете албайм сенден көп узап.
Кайырма:
Бала чак, бала чагым, балдай таттуу убагым,
Элесиңден эми чеп курамын.
Бала чак, бала чагым, балдай таттуу убагым,
Эми сени балдарыма сунамын.
Чумкунган ойлорумда,
Умтулган жолдорум да,
Өзүң, өзүң.
Чынжырлуу үмүтүм да,
Чыдамкай күйүтүм да.
Өзүң, өзүң.
Аккуудай таңдарымда,
Асылым, арманым да,
Өзүң, өзүң.
Кыйналып жүргөнүм да,
Кыйкырык үндөрүм да,
Өзүң, өзүң.
Айбым, айыбым, айбым не?
Мынчалык мен сага зарыктым не?
Өзүңсүз жашоодон үмүтүм жок,
Мынчалык мен сага багындым не?
Сүйүүмдүн тарыхы да,
Күлкүсү, кайгысы да,
Өзүң, өзүң.
Мурдагы, азыркы да,
Келерки барагы да,
Өзүң, өзүң.
Борошон ырларым да,
Бошонгон сырларым да,
Өзүң, өзүң.
Алсырып жүргөнүм да,
Ак дилден сүйгөнүм да,
Өзүң, өзүң.
Жыпарын чачып буркурап,
Тоо гүлдөрү кулпурат.
Көздөн учуп элеси,
Көрбөй аны ким турат?
Кайырма:
Кеттим, кеттим мен жөнөп,
Бетке жумшак жел келет.
Терезеге тигилип,
Сулуу кыздар термелет.
Жол жарылса экиге,
Бийик өңдөнүп, чимирилет дөңгөлөк.
Жасалма гүл шаарда көп,
Бирок көңүл бөлүнбөйт.
Жасалса да канча алар,
Тоо гүлүндөй көрүнбөйт.
Кайырма:
Өмүрүмдө самаган,
Тоо гүлдөрү, садагам.
Жүрөк толо сагыныч,
Силерди издеп баратам.
Кайырма:
Сөзү : Төлөгөн Мамеевдики
Обону : Түгөлбай Казаковдуку
Биз турмушта аталардан кеч келип,
Тээ батыштан согуш отун кечпедик.
А аталар төрөлө элек биз үчүн,
Кала берди танк алдында тепселип.
Биз турмушта агалардан кеч келип,
Тээ алыстан адам канын кечпедик.
А агалар жаңы баскан биз үчүн,
Кала берди танк алдында тепселип.
Өткөн согуш кан майдандан сес берип,
Турат бүгүн бардык жерде эстелик.
Гүл ордуна койдум ушул ырымды,
Аталарды, агаларды эскерип.
Бил, билегой жаным,
Мен сүйүүмдөн жаңылдым.
Кел, келегой жаным,
Бир өзүңдү сагындым.
Кайырма:
Ох, эй, кайрычы караба,
Жок сүйүүдө садага.
Эй, кайырчы сагада, магада,
Жок сүйүүдө садага.
Мен жоготтум сени,
Ак гүлүмдү бердим
Сен кечиргин мени,
Ак сүйүүмдү сездиңби.
|